Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:34

Замир Ракиев Кыргызстандын муфтийи кызматынан кетип, анын ордуна сынак жарыяланды


Замир Ракиев.
Замир Ракиев.

Кыргызстандын муфтийи Замир Ракиев кызматтан кетти. Анын өз каалоосу менен кызматтан кетүү тууралуу арызы бүгүн, 26-январда Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин жалпы жыйынында каралып, жактырылды. Ал эми анын орун басары Самидин Атабаев муфтийдин милдетин аткаруучу болуп бекиди.

"Натыйжада арызы канааттандырылып, Замир кары Ракиев Кыргызстан мусулмандарынын муфтийи кызматынан бошотулду. Аалымдар кеңешинин дагы бир чечими менен Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар кеңешинин мүчөлүгүнө кабыл алынды. Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын уставына ылайык, муфтийдин биринчи орун басары Самидин кары Атабаев муфтийинин милдетин аткаруучу болуп бекитилди", - деп жазылган Аалымдар кеңешинин маалыматында.

Ракиев кызматтан кеткенин бүгүн 26-январда өзү да Имам Сарахси атындагы борбордук мечиттеги жума намаздын алдында билдирген. Анда муфтий кызматынан өз ыктыяры менен кетип жатканын айткан.

Аалымдар кеңешинин алдында түзүлгөн каттоо жана аттестациялоо боюнча комиссия ушул эле күнү Кыргызстандын муфтийи кызматына сынак жарыялады. Талапкер болууну каалагандар 27-январдан 6-февралга чейин талап кылынган документтерди комиссияга тапшырууга тийиш.

Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын жобосуна ылайык, муфтий төрт жылга шайланат. Замир Ракиев муфтий болуп 2021-жылы июнь айында шайланган.

Муфтий коррупция боюнча жоопко тартылган Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Раимбек Матраимовго ыраазычылык кат бергени, аны муфтияттын жаңы имаратын курууга аралаштырганы сынга кабылган.

2022-жылы Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын жаңы имаратын Матраимов башында турган "Исмаил ата" фонду куруп жатканы ачыкка чыккан. Өткөн жылдын 27-августунда муфтияттын жаңы имаратынын ачылышы болуп, ага Райымбек Матраимов катышкан. Өкмөттүн айрым мүчөлөрү да муфтияттын Матраимов боюнча аракетин сындаган.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев 2-ноябрда Райымбек Матраимов менен Камчы Көлбаевди “Кыргызстанда мафия түзгөн” деп айыптаган.

Кыргызстанда “кримчөйрөнүн анабашы” аталган Камчы Көлбаев 4-октябрда Бишкекте УКМКнын атайын операциясы маалында өлтүрүлгөн.

11-декабрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы Камчы Көлбаев менен Райымбек Матраимовдун “мафиясына” байланышы бар 180ден ашуун киши мамлекеттик кызматтардан алынганын билдирген. (КЕ)

XS
SM
MD
LG