Сот кулак-мурду кесилген Асел Ногойбаеванын мурдагы күйөөсү Эстебесовду 20 жылга соттоду

Укук коргоо органдарынын кызматкерлери Азамат Эстебесовду алып баратышат.

26-январда Чүй облусунун Сокулук райондук соту мурдагы аялы Асел Ногойбаевага зомбулук көрсөтүп, кулак-мурдун кескен Азамат Эстебесовду 20 жылга абакка кести. Ошондой эле аны жабырлануучуга 2 млн сом төлөп берүүгө милдеттендирди.

Сот иши Сокулук райондук сотунда жабык каралды. 26-январда айыпталуучуга өкүм чыгат деп айтылганына байланыштуу активисттер, укук коргоочулар жана журналисттер келген. Чогулган активисттер “зомбулукту токтоткула”, “зордук-зомбулукка жол жок” жана “сот акыйкат бол” деген жазууларды кармап турушат.

Адвокат Индира Саутова моралдык чыгым үчүн 2 млн сом аз экенин, Аселдин ден соолугун калыбына келтирүүгө кетчү каражат алда канча көп экенин айтты. Кийинки кадамдар Асел жана анын туугандары менен кеңешкенден кийин белгилүү болорун журналисттерге билдирди.

Сот залынан чыгып баратканда Эстебесов журналисттердин суроосуна кыска жооп берип, өкүм менен макул эместигин айтты.

Эстебесов кылмыш-жаза кодексинин 139-беренесинин 1-бөлүгү ("Өмүргө жана ден соолукка коркунучтуу зомбулукту колдонуу менен коркутуу" - бир нече жолу ушул эле берененин негизинде кылмышы кайталанганы үчүн) 194-берененин 2-бөлүгү, ("Турак жайдын кол тийбестигин бузуу" - күч колдонуу же аны колдоном деп коркутуу менен жасалган ошол эле жосун), 130-берене, 2 жана 3-бөлүгү, ("Ден соолукка оор залал келтирүү" ) 137-берене ("Кыйноолор") 154-берененин 2-бөлүгү, ("Зордуктоо"), 122-берененин 2-бөлүгү ("Адам өлтүрүү") менен күнөлүү деп табылды.

Ногойбаеванын иши боюнча сот 12-январда Сокулук районунда башталган. Change.org сайтында Азамат Эстебесовду өмүр бою абакка кесүүнү талап кылган кол топтоо жүрүп жаткан.

20-сентябрда Чүйдүн Селекция айылында мурдагы күйөөсү кулак-мурдун кескилеп салган 36 жаштагы Асел Ногойбаева кабылган окуя коомчулуктун үрөйүн учурган. Асел буга чейин зомбулук көрүп, милицияга бир нече жолу кайрылган. Кийин ага беш жолу коргоо ордери берилип, райондук сот пробация менен шектүүнү чыгарганы белгилүү болгон.

Сокулук райондук сотунун судьясы Кыялбек Токтомаматов Эстебесовду быйыл “Зордуктоо” беренеси менен айыптуу деп таап, бирок пробациялык жаза чегерип койгону аныкталган. Чуулгандуу ишти караган сот кызматтан алынып, апелляциялык арызды караган үч судьяга сөгүш берилген.

23-январда Кыргызстанда зордуктоого айыпталгандарга козголгон кылмыш иши кыскарбай турган мыйзам күчүнө кирди. Мыйзамга ылайык, оор кылмыштар болгондо (анын ичинде зордуктоо фактысы боюнча) тараптардын жарашып алуусу кылмыш ишин жана тергөөнү токтото албайт.

Кыргызстан 2017-жылы “Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө” мыйзамды кабыл алган. Ага ылайык зордук-зомбулук тууралуу милицияга жабыркаган тарап эмес, күбөлөр да арыз жаза алат. Мындай учурда милиция зомбулук көргөн аялга "убактылуу коргонуу ордерин" жазып берип, тиешелүү чараларды илгертпей көрүүгө тийиш. (КЕ/KS)

Дагы караңыз

Замир Ракиев Кыргызстандын муфтийи кызматынан кетип, анын ордуна сынак жарыяланды Бишкек-Нарын-Торугарт жолунда жол кырсыгы катталдыБишкекке жаңы 124 даана автобус келдиУКМК Жамгырчиевдин камалышы тууралуу маалымат берди