Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:43

УКМК Жамгырчиевдин камалышы тууралуу маалымат берди


Эмил Жамгырчиев.
Эмил Жамгырчиев.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Жамгырчиевдин камакка алынышы боюнча түшүндүрмө берди.

Мекеменин басма сөз кызматы тараткан маалыматта Жамгырчиев кылмыш жоопкерчилигинен жана башка кылмыш иши боюнча тергөө иштерине катышуудан качуу максатында чек арадан мыйзамсыз өткөнү жазылган.

"Жамгырчиев Өзбекстандын жараны, кримтөбөл Салимбай Абдувалиевдин колдоосун алуу үчүн чек арадан мыйзамсыз өтүп, 2022-жылдын декабрь айында аны менен жолугушуу үчүн Ташкентке мыйзамсыз кирген", - деп билдирди мекеме.

Коопсуздук кызматы парламентте депутатты жоопкерчиликке тартуу боюнча Башкы прокуратуранын өтүнүчү каралып жаткан чакта анын терезеден секирип качып кеткенин иликтөө иштерине тоскоолдук деп сыпаттаган.

"Жамгырчиевге карата кылмыш иши аяктап калган учурда ал кайрадан кылмыш жоопкерчилигинен качуу үчүн коңшу өлкөлөрдүн бирине кетип калууну чечкени тууралуу ыкчам маалымат алынган. Ошондуктан, 24-январь күнү ага чек араны мыйзамсыз басып өтүү фактысы менен айып тагылып, Биринчи Май райондук соту тарабынан 26-февралга чейин камакка алуу чечими чыкты".

Атайын кызмат Жамгырчиевдин кылмыш иши аяктап калганын, жакынкы күндөрү жыйынтыкталып, сот органдарына жиберилерин маалымдады.

10-январда парламент Жамгырчиевди кылмыш жоопкерчилигине тартууга уруксат берген. Ошол күнү УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев депутаттарга Жамгырчиевдин Өзбекстандын “Салимбай байбача” деген каймана ат менен таанымал жараныы, кримтөбөл Абдувалиевге берген катын тааныштырып, бирок анын кармоону зарылчылыгы жоктугун айткан.

Былтыр 27-декабрда башкы прокурор Курманкул Зулушев Жамгырчиевди кылмыш жообуна тартууга уруксат сураган. Ага Кылмыш-жаза кодексинин “Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү” беренеси менен иш козголгон.

Депутаттык комиссия Жамгырчиевди кылмыш жообуна тартууга уруксат берген чечимин 9-январда жабык жыйында кабыл алган. “Азаттыкка” парламенттеги ишенимдүү булактар билдиргендей, ушул эле күнү Жамгырчиев фракциялашы Нилуфар Алимжанованын парламенттеги иш бөлмөсүнө кирип, 2-кабаттан терезеден секирип түшүп, качып кеткен.

Жамгырчиев өзүнө байланыштуу иш тууралуу 16-январда парламенттин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин жыйынында комментарий берген. Ал депутаттарга кайрылып, тергөө иштери жүрүп жатканын, иш сотко өтүп өкүм чыккандан кийин гана сын-пикир айтылышы керек экенин билдирген.

Өзбекстанда 74 жаштагы Салим Абдувалиев былтыр декабрдын башында кармалган. Ал 2017-жылдан бери Өзбекстандын Улуттук олимпиада комитетинин төрагасынын орун басары жана өлкөнүн Күрөш ассоциациясынын төрагасы болуп турган. Ар кандай маалыматтарда анын чөлкөмдөгү шектүү олигарх экени, таасирдүү криминалдык төбөлдөр менен байланыштары айтылат. Wikileaks сайты Абдувалиевдин орус президенти Владимир Путин менен да байланышын жазган. (ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG