Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:24

Бишкекке жаңы 124 даана автобус келди


Жаңы алынып келинген автобустар.
Жаңы алынып келинген автобустар.

Бишкек шаарына дагы 124 даана автобус келди. Бул техникалар Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынан (ЕРӨБ) каржыланган “Жашыл шаарлар 2, терезе 2” программасынын “Бишкек автобустары” долбоорунун алкагында ишке ашканын мэриянын басма сөз кызматы билдирди. Долбоорду колдоого Жапониянын өкмөтү да грант бөлгөн.

Автобустарды муниципалдык ишканага өткөрүп берүү иш-чарасына шаар мэри Айбек Жунушалиев , ЕРӨБдүн директору Айтен Рустанова жана Жапониянын Кыргызстандагы элчиси Хидеки Года, каржы министринин орун басары Руслан Татиков катышты.

Узундугу 10,5 метр болгон техникалар газ менен жүрөт.

Бишкек мэриясы шаарда автобустун саны көбөйө турганын белгилеп, жаңы автобустарды этап-этабы менен алып келүүдө. Кытай менен Кыргызстандын макулдашуусуна ылайык, жалпысынан 1000 автобус алынып келинери айтылган.

Мэриянын былтыр декабрдагы маалыматына караганда, борбор калаада 500 автобус, 115 троллейбус каттамга чыгат.

Жаңы алынып жаткан техникалардын чыгымын жабуу үчүн калаа бийлиги 30-январдан баштап жол кире кымбаттай турганын билдирген. Ага ылайык, автобус жана троллейбуста жол кире “Тулпар” картасы менен 17 сом, накталай 20 сом, MegaPay сервиси аркылуу 11 сом, менчик автобус жана маршруткаларда 20 сом болот.

XS
SM
MD
LG