Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда Перинаталдык борбор ачылды

Жаңы ачылган перинаталдык борбор. 26-январь, 2024.

Бишкекте Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда Перинаталдык борбор ачылды. Бул жай өкмөт менен Германия өнүктүрүү банкынын ортосундагы “Эне жана баланы коргоо IV-V” долбоорунун негизинде ишке ашты.

26-январда перинаталдык борбордун ачылышы болуп, ага президент Садыр Жапаров да катышып, мындай жайдын ачылышы энени коргоо жана жаңы төрөлгөн балдардын ден соолугуна кам көрүү боюнча стратегиялык максаттарга жетүүдөгү маанилүү кадам экенин баса белгиледи.

Ал ошондой эле Кыргызстан менен Германиянын саламаттык сактоо жаатындагы аракеттери БУУнун Туруктуу өнүктүрүү максаттарына жетишүүгө, анын ичинде бакубаттуулукту жогорулатууга жана сергек жашоо образын камсыз кылууга багытталганын айтты.

Жаңы ачылган перинаталдык борбордун аянты 4 миң чарчы метрди түзөт. Ошондой эле жогорку технологиялык медициналык жабдуулар коюлган акыркы үлгүдөгү операциялык бөлмөлөр, эне жана бала үчүн толук жабдылган реанимация бөлмөлөрү, жогорку класстагы палаталары жана башка медициналык кызматтар камтылган.

Германиянын Кыргызстандагы элчилигинин тараткан маалыматына ылайык, перинаталдык борбордо 10 төрөт бөлмөсү, 3 операциялык зал, 12 орундуу чоңдор үчүн реанимация, 14 орундуу балдар реанимация бөлүмү, борбордук стерилизация бөлүмү жана жуунучу жай бар.

Бул борбор бейтаптарды февраль айынан тарта кабыл ала баштайт.

Дагы караңыз

Замир Ракиев Кыргызстандын муфтийи кызматынан кетип, анын ордуна сынак жарыяланды Бишкек-Нарын-Торугарт жолунда жол кырсыгы катталдыБишкекке жаңы 124 даана автобус келдиУКМК Жамгырчиевдин камалышы тууралуу маалымат берди