Бишкек-Нарын-Торугарт жолунда жол кырсыгы катталды

Иллюстрациялык сүрөт.

26-январда Бишкек-Нарын-Торугарт айланма жолунун 38-чакырымында жол кырсыгы катталды. Жол коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, Хонда Одиссей унаасы каршы тилкеге чыгып, Мерседес-Бенц Спринтер унаасы менен кагышып кеткен.

Мекеме жабыр тарткандар тууралуу тактаган жок. Учурда жол кырсыгынын кесепети такталып жатканын билдирди.

Интернетке тараган видеодо жол кырсыгынан жараат алгандарга медициналык жардам көрсөтүлүп жатканын көрүүгө болот.

Расмий маалыматка ылайык, 2023-жылдын тогуз айында 4 миң 800 жол кырсыгы катталып, андан 489 адам мерт болду. 2022-жылы 7040 жол кырсыгы болуп, 11 миң 49 киши жараат алып, 690 адам каза болгону айтылган.

Дагы караңыз

Бишкекке жаңы 124 даана автобус келдиУКМК Жамгырчиевдин камалышы тууралуу маалымат берди Абак жайдан тыюу салынган ондогон буюмдар табылдыОш: Кара-Сууда базар башчысы кармалды