Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:04

Ош: Кара-Сууда базар башчысы кармалды


Кара-Суу базары. Иллюстрациялык сүрөт.
Кара-Суу базары. Иллюстрациялык сүрөт.

"Туратали" (Кара-Суу) базарынын аймагында жайгашкан "Жээнбеков" базарынын директору Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) кызматкерлери тарабынан кармалды.

Мекеменин маалымат кызматы анын кармалышы боюнча түшүндүрмө берип, базар башчысы соодагерлерден мыйзамсыз акча чогултуп келгени аныкталганын маалымдады.

Жеке ишкер Ж.К.Ш. кызмат абалынан пайдаланып, контейнерди бузуп салам деп коркутуу жолу менен ижара келишимин түзүү жана узартуу үчүн ижарачылардан жыл сайын мыйзамсыз түрдө 5 миңден 10 миң АКШ долларына чейин акча талап кылган. Ижарачылар соода түйүнүнөн ажырап калуудан коркуп, мыйзамсыз талап кылынган сумманы ага которууга аргасыз болушкан", деп жазылган маалыматта.

Базар ээси 24-январь күнү 5000 доллар акчаны эсебине котортуп алгандан кийин кармалып, УКМКнын убактылуу камоочу жайына киргизилген.

Анын жашаган жеринен тинтүү учурунда 135 600 АКШ доллары, 1 113 800 сом, алтын зер буюмдар, Улуттук банктын 999 үлгүсүндөгү жалпы салмагы 1 кг болгон 10 даана алтын куймалары жана 2017-жылы чыгарылган "Рейндж Ровер" автоунаасы табылып алынган.

УКМК ишкерлерден мыйзамсыз жыйымдарды чогулткандарды аныктоо иштерин улантып жатканы кабарланды.

Базардагы соодагерлерден мыйзамсыз акча чогултканы үчүн мурдараак Бишкектеги "Берекет" соода борборунун ээси жана жетекчилери да УКМК тарабынан кармалып, камакка алынышкан. Ага чейин ушундай эле мыйзамсыз чогултуулар "Дордой" базарынын ичиндеги бир катар базар ээлери тарабынан жүргүзүлүп келгени кабарланган.

Былтыр 6-декабрда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев “базарлардын ээлери соодагерлерге шарт түзбөсө, ижара акыларын төмөндөтпөсө, базарларды мамлекетке өткөрүүгө саясий эрк жетиштүү” деп билдирген.

Бул окуядан кийин Кыргызстандагы бир катар базар ээлери видео кайрылуу жолдоп, ижара акыларын төмөндөткөнүн билдирген.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG