Футбол: Кыргызстан Оман менен тең чыгып, Азия кубогунан четтетилди

Кыргызстандын улуттук курама командасы Оман менен беттештен кийин. 26-январь, 2024. Катар.

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы Катарда өтүп жаткан Азия кубогунун F тайпасындагы акыркы оюнунда Оман менен беттешип, 1:1 эсебинде тең чыкты. Абдуллах бин Халифа стадионунда өткөн беттештин 8-мүнөтүндө Мухсен аль-Гассани алгачкы голду киргизип, эсепти ачты. Оюндун 80-мүнөтүндө кыргызстандык чабуулчу Кожо Жоел гол киргизип, эсепти теңеди. Жыйынтыгында эки курама тең бирден упайга ээ болуп, кубоктун плей-офф баскычына чыга албай калды.

Кожо Жоелдин киргизген голу Кыргызстандын улуттук курама командасынын Катарда өткөн Азия кубогунунда киргизген жалгыз голу болуп калды. Тайпалык баскычта алгач Тайландга 2:0, Сауд Арабиясына да ушундай эле эсеп менен жеңилген.

Кубоктун эрежеси боюнча плей-офф баскычына алты тайпанын ички беттешүүлөрүндө көп упай топтогон 1-2-катардагы командалар өтөт. Ошондой эле алты тайпанын ичинен 3-катардагы көп упай топтогон төрт команда да кошулат. Упайлары тең болгон учурда команданын өз дарбазасына кирген жана атаандашына киргизген голдордун айырмасына карап эсептелет. Ошентип плей-офф баскычына 16 команда өтөт.

Кыргызстан кийинки баскычка өтүү үчүн Оманды кеминде эки гол айырма менен утушу керек болчу. Эки команданын тең чыгуусу D тайпасында 3-катардагы Индонезия командасынын плей-оффко өтүшүнө шарт түздү.

Азия кубогунун плей-офф баскычына өткөн командалар:

  • А тайпасы: Катар, Тажикстан
  • B тайпасы: Австралия, Өзбекстан, Сирия
  • C тайпасы: Иран, Бириккен Араб Эмираттары, Палестина
  • D тайпасы: Ирак, Жапония, Индонезия
  • Е тайпасы: Бахрейн, Түштүк Корея, Иордания
  • F тайпасы: Сауд Арабиясы, Тайланд

1/8 беттештерин 28-январда Австралия менен Индонезиянын беттеши баштайт. Жеңилген команда кубоктон четтетилип, утканы кийинки баскычка өтөт.

Азия кубогу төрт жылда бир болот. Буга чейин 18 жолу өткөн мелдештерде Жапония төрт жолу, Сауд Арабиясы менен Иран үч жолудан, Түштүк Корея эки ирет чемпион болсо, Кувейт, Катар, Австралия, Израил жана Ирак курамалары бир жолудан чемпион болгон.

Дагы караңыз

Муфтият өлкөдөгү кыз-келиндердин медреселери тууралуу маалымат бердиЛитва аскерлерине Орусияга, Беларуска жана Кытайга барууга тыюу салдыКремлчил блогерди өлтүрүүгө айыпталган аял 27 жылга кесилдиҮй-бүлөлүк зомбулуктан качкан ингуш кыз Марина Яндиева Орусиядан чыгып кетти