Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:29

Литва аскерлерине Орусияга, Беларуска жана Кытайга барууга тыюу салды


Литва армиясынын жоокерлери
Литва армиясынын жоокерлери

Литванын өкмөтү аскер кызматкерлерине Орусияга, Беларуска жана Кытайга иштен сырткары сапарга барууга тыюу салды. Бул тууралуу BNS агенттиги жазды.

Коргоо министрлигинин маалыматына ылайык, өлкөлөрдүн тизмеси улуттук коопсуздукка жаралган коркунучтардын жана тобокелдиктердин негизинде түзүлгөн.

“Улуттук коопсуздук стратегиясында Орусия Федерациясы, Беларус жана Кытай Литванын жана өлкө жарандарынын коопсуздугуна коркунуч жаратары, анын ичинде ошол мамлекеттердин атайын кызматтарынын Литвага каршы тыңчылык коркунучу бардыгы айтылган”, - деп белгиленет өкмөт токтомунун долбоорунда.

Документте аскерлерге ошол өлкөлөргө кайсы учурларда барууга, мисалы ал жактардагы жакын туугандары ооруп же каза болгондо уруксат берилери айтылган.

Өткөн сентябрда Литванын Кризистерди башкаруу улуттук борбору жашыруун маалымат менен иштегендер Орусияга чыга албасын билдирген. Борбордун маалыматы боюнча чектөөгө 56 миңдей киши туш болушу мүмкүн. Чечим Беларустун атайын кызматтары чек арада өз ишмердигин күчөткөнү үчүн кабыл алганы айтылган.

Литванын чалгынчылары Беларустун коопсуздук кызматы литвалыктарды чек арада суракка алып, шантаж, психологиялык кысым көрсөтүү менен кызматташууга көндүрүп жатышканын билдирген.

XS
SM
MD
LG