Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:35

Муфтият өлкөдөгү кыз-келиндердин медреселери тууралуу маалымат берди


Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы.
Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы.

Кыргызстандын мусулмандар дин башкармалыгы (КМБД) Жогорку Кеңештин 25-жыйынында кыз-келиндер окуган медреселер боюнча көтөрүлгөн маселеге түшүндүрмө берди. Маалыматта Кыргызстанда муфтиятка караштуу диний окуу жайлардын 25% гана кыз-келиндердин окуу жайлары түзөрү, ал жайлардан диний билимден сырткары ар кандай кесиптик билим берилери жазылган.

“КМДБ өзүнүн алдындагы диний окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрү жумушсуз калбашы үчүн атайын "Кесиптик билим берүү" долбоорун демөөрчүлөр менен бирге ишке ашырып, бүгүнкү күндө өлкөбүздөгү 28 диний окуу жайда кошумча кесиптик билим берүү курстары ачылган. Атап айтсак: “ашпозчу-кондитер”, “ширетүүчү”, “электрмонтажчы, “тикмечи”, “бал челекчи”, “тиричилик техникаларын оңдоочу адис”, “эмерек жасоочу уста”, “слесарь-сантехник” жана “компьютердик сабаттуулукка үйрөтүүчү адис” багытында үйрөтүлүп, студенттер үч айдын ичинде кесипке ээ болуп, сертификат алууда. Бүгүнкү күндө бүтүрүүчүлөрдүн 65% жумуш менен камсыз болушкан”, - деп жазылган муфтияттын билдирүүсүндө.

Муфтият диний окуу жайларды иретке келтирүү, шартын жакшыртуу үчүн 2023-жылдан бери мекемелер аралык комиссия түзүлүп, текшерүү иштери уланып жатканын маалымдады. Андан соң диний окуу жайлардын кызматкерлеринин билимин аттестациялык комиссия текшергени белгиленген.

Жогорку Кеңештин 25-январдагы жыйынында депутат Динара Ашимова өлкөдөгү аялдар жана кыздардын медреселерин текшерүүнү талап кылып, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия менен муфтиятты "медреселердеги сабактардын программасына жана мугалимдердин деңгээлине көңүл бурбай жатат" деп сындаган.

“Кыз-келиндер медреселеринде теологиялык гана билим берилгени себептүү алар окууну аяктагандан кийин кайда барып иштешин билбей, экстремисттик агымдарга кирип кетип жатканын” айткан.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) былтыр мыйзамсыз иштеген бир нече медресенин ишмердигин токтоткон. Алардын ичинен Сузак районунда мыйзамсыз, жашыруун иштеп жаткан эки медреседе окуган кыздар орто мектептерге барбай, Куран окуп, хадистерди үйрөнүшкөнү кабарланган. Кыздарга диний сабаты жок мугалимдер КМДБ текшербеген адабият менен сабак өтүшкөнү айтылган.

28-декабрда президент Садыр Жапаров Кыргызстанда Ислам академиясын түзүү боюнча жарлыкка кол койгон. Билим берүү жана илим министрлиги аталган академия теологиялык билим берүү системасын өркүндөтүү, жогорку квалификациялуу кадрларды даярдоо жана билим берүүдө дүйнөдө атаандаштыкка жөндөмдүүлүктү жогорулатуу максатында түзүлөрүн билдирген.

Кыргызстанда жалпысынан 3,5 миңден ашуун диний уюм каттоодон өткөн. Өлкөдө 2 жарым миңдей мечит, 100дөй медресе, 10 ислам институту бар. Христиан багытындагы уюмдардын саны - 399, калгандары башка диндерге таандык.

XS
SM
MD
LG