Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:33

Үй-бүлөлүк зомбулуктан качкан ингуш кыз Марина Яндиева Орусиядан чыгып кетти


Марина Яндиева
Марина Яндиева

Үй-бүлөлүк зомбулуктан качкан ингушетиялык Марина Яндиева СК SOS кризистик уюмунун жардамы менен Орусиядан чыгып кетти. “Свобода” радиосу жазганына ылайык, 28 жаштагы Яндиева видео кайрылуусунда аны колдоп жүргөн, окуясын чагылдырган жана жардам бергендердин бардыгына ыраазчылыгын айтты. Жакындары менен тартип коргоо органдарын аны куугунтуктоого убакыт коротпоого чакырды.

“Мен коопсуз жерде жүрөм, бардыгы жакшы, өзүмдү мурда болуп көрбөгөндөй бактылуу сезүүдөмүн”, - деп айтты Яндиева.

Ал үй-бүлөсүндө кордук көрүп, уруп-сабалганын айткан. Былтыр октябрда СК SOS уюму ага үйүнөн качууга жардамдашкан. Кыздын жакындары адегенде полицияга кайрылып, ага издөө жарыялоону суранышкан. Кийин үйгө кайтаруу үчүн ал уурулук кылган деп айыпташкан. Андан тышкары Яндиеваны коштоп жүргөн “Кыйноолорго каршы командасынын” кызматкери Магомед Аламовдун үй-бүлөсү менен кошо көзүн тазалайбыз деп коркутушкан.

СК SOS уюму белгилегендей, полиция эч кандай чара көргөн эмес. Аламовго айтылган коркутуулар токтогону менен, коопсуздук маселелеринен улам ал жумуштан кетүүгө аргасыз болду.

"Кавказ.Реалии" сайты өткөн ноябрда Арменияда жакындарынын арызы менен Ингушетиянын тургуну Фатима Зурабова кармалганын кабарлаган. Ал үй-бүлөлүк зомбулуктан качып, Аштарак шаарында жашап жүргөн.

Укук коргоочулар Зурабованын укуктары одоно бузулганын айтып келишти. 21 жаштагы кыз аны үйүндө такай сабашканын айтып берген. Ал ингуш коому үчүн "өөн учураган" жүрүм-туруму, тил албаганы же башкалардын оюна кошулбаганы үчүн “тарбия иретинде" токмок жегени ачыкка чыккан.

XS
SM
MD
LG