Эл аралык уюмдар "Чет элдик өкүл" мыйзамын кабыл албоого чакырды

Жогорку Кеңеш.

Кыргызстандын парламенти бейөкмөт уюмдардын ишмердигине олуттуу коркунуч келтирүүчү "Чет элдик өкүл" тууралуу мыйзам долбоорун четке кагышы керек. Мындай билдирүүнү Human Rights Watch, Хельсинки комитети, Адам укуктары боюнча Хельсинки фонду жана башка бир катар эл аралык уюмдар таратты.

Аталган уюмдар "Чет элдик өкүл" тууралуу мыйзам долбоору Кыргызстандын адам укугу жаатында эл аралык милдеттенмелерине, сөз эркиндигине, жарандардын тынч чогулуу эркиндиги тууралуу эл аралык пактка каршы келерин белгилешкен.

"Эгер бул мыйзам кабыл алынып, кол коюлса, Кыргызстандын өнүгүп келе жаткан жарандык коомуна терс таасири тиет", - деп жазылган анда.

Блидирүүдө акыркы убактарда Кыргызстанда адам укугу начарлап, бийлик сөз эркиндигин кысуу, тынч чогулууларды тыюуну күчөткөнү белгиленген.

"Парламент бул мыйзам долбоорун четке кагып жана башка жарандык коомдун, маалымат каражаттарынын ишмердигине каршы келген жоболорду кабыл алуудан алыс болушу керек. Эгер Жогорку Кеңеш эскертүүлөргө карабай, мыйзамды кабыл алса, Евробиримдик Бишкек менен кызматташуу маселесин, анын ичинде Кыргызстан менен кеңири кызматташтык жана өнөктөштүк келишимин карап чыгууга тийиш. Кыргызстандын терс кадамы өлкөнүн андан ары Бириккен улуттар уюмунун Адам укуктары кеңешиндеги мүчөлүгүн улантуу укугу тууралуу маселени козгойт", - деп белгилешкен билдирүү ээлери.

23-январда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелер боюнча комитети “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча документти экинчи окууда колдоду. Долбоор эми парламенттин жалпы жыйынына чыгарылат.

Андан тышкары Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүү киргизүү сунушталып жатат. Ага ылайык, “Коммерциялык эмес уюм мыйзамсыз иш-аракет жүргүзгөн” деп табылып, шектүүнүн күнөөсү далилденсе үч жылдан беш жылга чейин эркиндигинен ажыратылат. Мыйзам долбоорунун демилгечилери башта жазаны беш жылдан 10 жылга чейин деп сунуш кылышкан.

Коомчулукта “Чет элдик өкүл” деген ат менен таанылган “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” жана Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору 2023-жылы 25-октябрда Жогорку Кеңеште биринчи окууда кабыл алынган. Автору Надира Нарматова “бул документ өкмөттүк эмес уюмдардын ишине тоскоол болбойт” деп айтып келет.

“Адилет” укуктук клиникасы депутат Надира Нарматова негизги автор болгон документти иликтеп чыгып, ал Орусиянын “Чет элдик агенттер жөнүндөгү” мыйзамына 98% окшош экенин аныктаган.

Жогорку Кеңештин айрым депутаттары да Кыргызстанда өкмөттүк эмес уюмдар ансыз деле Салык кызматына каражаты тууралуу отчёт берип жатканын, документ алардын ишин көзөмөлдөп, жабууга чейин алып барарын билдирип жатышат.(ZKo)

Дагы караңыз

УКМК тогуз жол кайгуул кызматкери пара менен кармалганын маалымдады Рейтер: Ак үй Конгрессти Түркияга F-16 учактарын сатууну тездетүүгө чакырды ЖАМК абактагы кыйноо тууралуу билдирүүлөр иликтенип жатканын билдирди Фейсбуктагы посту үчүн кармалган Асановго өкүм чыкты Бээжин-Бишкек-Бээжин аба каттамы иштей баштады