Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:15

Рейтер: Ак үй Конгрессти Түркияга F-16 учактарын сатууну тездетүүгө чакырды


 F-16 учагы
F-16 учагы

АКШнын администрациясы Конгресске жолдогон катында Түркияга F-16 истребителдерин сатууну тезирээк жактырууга чакырды. Бул тууралуу шаршембиде Рейтер агенттиги америкалык аткаминерлерге шилтеме менен жазды. Алардын айтымында, президент Жо Байден учактарды сатуу жараянын Анкара Швециянын НАТОго кирүү арызын ратификациялоону аяктары менен баштоону пландап атат.

23-январда түрк парламенти Швециянын мүчөлүгүн ратификациялоону колдогон. Эми документке президент Режеп Тайып Эрдоган кол коюшу керек. Швециянын мүчөлүгүнө каршы ветону алып салуу үчүн Анкарага америкалык истребителдерди берүү убада кылынган.

Түркия согуштук учактарды сатып алуу өтүнүчү менен АКШга 3 жыл мурун кайрылган. Ал кезде F-16 үлгүсүндөгү 40 истребител жана түрк армиясы пайдаланган учактарды модернизациялоо үчүн 79 комплект алуу тууралуу кеп жүргөн. Америкалык мыйзам чыгаруучулар Түркияда адам укуктары бузулууда деген жүйө менен учак сатууга уруксат берген эмес. Былтыр декабрда Байден Эрдоганга конгрессмендерди көндүрүүгө аракеттенүүгө сөз берген.

XS
SM
MD
LG