Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:22

Бээжин-Бишкек-Бээжин аба каттамы иштей баштады


Бээжин-Бишкек-Бээжин каттамындагы учак. "Манас" аэропорту, Бишкек. 25-январь, 2024-жыл.
Бээжин-Бишкек-Бээжин каттамындагы учак. "Манас" аэропорту, Бишкек. 25-январь, 2024-жыл.

25-январь кунү "Манас" эл аралык аэропортуна Бээжин-Бишкек-Бээжин каттамын аткарган алгачкы учак конду.

Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь, жарандык авиация агенттигинин жетекчисинин орун басары Канат Төлөгөнов, аэропорттун директору Сатыбек Каныбеков жана башка өкүлдөр аэропортто учактын алгачкы жүргүнчүлөрүн тосуп алышты.

"Кытай менен Кыргызстандын ортосунда туруктуу каттамдын болушу - Кыргызстанда туризмди өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт. Кытайлык туристтер биздин кооз жерлерибизди, маданий мурастарыбызды жана тарыхый жерлерибизди көрүүгө кызыкдар", - деди Сатыбек Каныбеков. Ал Бээжин-Бишкек аба каттамы эки өлкөнүн соода алакасынын өнүгүшүнө салым кошот деген ишеничин билдирди.

Бул каттам менен Бээжинден 90 адам учуп келди. Бишкектен кайра 150 жүргүнчү Бээжинге кетти. Каттамды Кытайдын China Southern Airlines аба компагиясы Airbus A320neo учактары менен жумасына үч жолу: дүйшөмбү, шаршемби жана жума күндөрү жүргүзөт.

Кытай менен Кыргызстандын ортосунда буга чейин Үрүмчү-Бишкек, Сиан-Бишкек аба каттамдары бар болчу.

Кытай Кыргызстанга түз инвестиция салууда башкы орунда турат. 2022-жылы Кыргызстанга 1 млрд. доллардай түз инвестиция келсе, анын 274,9 миллион доллары Кытайга туура келген.(ZKo)

XS
SM
MD
LG