Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 10:31

ЖАМК абактагы кыйноо тууралуу билдирүүлөр иликтенип жатканын билдирди


Кемпир-Абад иши боюнча айыпталып тергөө абагында жаткандар. Калгандары үй камагында.
Кемпир-Абад иши боюнча айыпталып тергөө абагында жаткандар. Калгандары үй камагында.

Жаза аткаруу кызматынын (ЖАК) басма сөз катчысы Ызаат Тургунбаева Кемпир-Абад иши боюнча Бишкектеги №1 тергөө абагында жаткандардын “кыйноого кабылганы” тууралуу сөзүнө байланыштуу кызматтык иликтөө башталганын 25-январда “Азаттыкка” билдирди.

“Ал (Темир Махмудов) ур-токмокко кабылышы мүмкүн эмес. Ошондой болсо да Жаза аткаруу кызматы кызматтык иликтөө баштады. Ал эми (Кеңешбек Дүйшөбаев) “бизге моралдык-психологиялык басым көрсөтүүгө кабылдык” деп атпайбы. Тергөө абагында тинтүү иштери жүрүп турат. Бул пландуу иштер жана кайсы убакыт болсо да өткөрүлүп турат. Жалпы текшерүүдө уюлдук телефон, тыюу салынган буюмдар табылган”, - деди Ызаат Тургунбаева.

24-январда Кемпир-Абад иши боюнча камакка алынгандардын бири Темир Махмудов тергөө абагында күч кызматкерлеринин кыйноосуна кабылганын айткан. Ушул эле иш боюнча тергөө абагында жаткан Кеңешбек Дүйшөбаев “түнкү саат 12ден кийин кызматкерлер камераларга келип, тинтүү жүргүзүп, түнү менен уктатпай жатканын” билдирип, моралдык-психологиялык басымга кабылганын кабарлаган.

Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына каршы пикирин билдирген 30га жакын саясатчы, активисттер 2022-жылы октябрда камалган. Ушул тапта алардын 12си тергөө абагында отурат. Калгандары түрдүү жагдайда үй камагына чыккан.

Кемпир-Абад иши сегиз айлык тергөөдөн кийин 2023-жылы июнь айында сотко өткөн. Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө башкармалыгы ишке “жашыруун” грифин койгон. Милиция аларды “бийликти басып алууга аракет кылган” деп айыптоодо. Иш Кылмыш-жаза кодексинин “Жапырт башаламандык уюштурууга аракет көрүү”, “Бийликти күч менен басып алууга даярдык көрүү” беренелеринин негизинде козголгон.

Шектүүлөр мунун баарын саясий куугунтук катары сыпаттап келет. Иш “жашыруун” деген негиз менен соттук жараяндар жабык өтүп жатат. Шектүүлөр отурумдарды ачык өткөрүү талабын коюп келишет. (BTo/KS)

XS
SM
MD
LG