БУУ Израилдин аткылоосу учурунда тогуз кишинин өлүмүн айыптады

Газадагы Хан-Юнис шаары. 24-январь, 2024-жыл

Газадагы Хан-Юнис шаары Израил армиясынын (ЦАХАЛ) операциясынын чордонунда болуп келатат. Бул тууралуу 25-январда Франс Пресс (AFP) агенттиги кабарлады.

ХАМАС (АКШ жана Еврошаркетте террордук деп таанылган) радикал тобу башкарган Газанын Саламаттыкты сактоо министрлиги бейшембиге караган түнү болгон соккулардан бир нече адамдын өмүрү кыйылганын, Нусейрат лагеринде төрт наристе набыт болгонун билдирди.

БУУнун маалыматына караганда, бир күн мурда танктардын аткылоосунан уюмдун башкалкалоочу жайларынын биринде тогуз киши каза тапты, 75 киши жарадар болду. Ага чейин ЦАХАЛ Хан-Юнисти курчоого алганын маалымдаган. Армия жарыялаган видеолордон көчө кармаштарын, ураган имараттарды көрүүгө болот.

Израил армиясынын өкүлдөрү качкындар лагерин аткылоого байланыштуу суроого жооп берип жатып, “ошол жердин айланасындагы аракеттер”, сокку “ХАМАС тараптан урулган” деген болжолдуу маалымат текшерилип жатканын айтты.

Улуттар Уюму ал окуяны айыптады. АКШнын Мамлекеттик департаментинин басма сөз катчысы Ведант Пател карапайым калкты коргоо жана БУУнун баш калкалоочу жайларынын макамын урматоо керектигин белгиледи.

Газанын Саламаттыкты сактоо министрлиги согуш башталгандан бери палестин анклавында каза тапкандардын саны 26 миң кишиден ашканын, 62 жарым миңдейи жарадар болгонун билдирди. Израил ХАМАСтын согушкерлери кол салган 7-октябрда 1 миң 200 киши каза тапканын, 240тай киши барымтага алынганын кабарланган. Андан тышкары ондогон аскери окко учканы маалымдалып келет.

Дагы караңыз

Билим берүү министрлиги "Сапаттагы" окуяга байланыштуу комиссия түзөтДепутат Сокулуктун "Тез жардам" унаасы айып жайында турганына нааразы болду УКМК Жамгырчиевдин камалышы тууралуу маалымат берди