Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:42

Билим берүү министрлиги "Сапаттагы" окуяга байланыштуу комиссия түзөт


Билим берүү жана илим министрлиги.
Билим берүү жана илим министрлиги.

Билим берүү жана илим министрлиги “Сапат” эл аралык билим берүү мекемесинин Кызыл-Кыя шаарындагы лицейиндеги окуяга байланыштуу балдардын укуктарын коргоо комиссиясы түзүлүп жатканын билдирди. Мекеменин 25-январдагы маалыматында бул окуяны Баткен облустук милициясы териштирип жатканы, иш Ички иштер министрлигинин көзөмөлүндө экени айтылган.

Мунун алдында “Сапат” билим берүү мекемеси билдирүү таратып, окуучуларга кол көтөргөн мугалим менен лицейдин директорунун тарбия иштери боюнча орун басары жумуштан алынганын билдирген.

Ал эми директордун жоопкерчилиги “Сапаттын” башкы башкармалыгынын педагогикалык чукул жыйынында каралары жазылган.

Баткен облустук милициясы окуя каттоого алынып, текшерүү иштери башталганын кабарлады.

Милициянын маалыматына караганда, окуя 22-январда кечинде болгон. Интернетке тараган тасмада мугалим экени айтылган адам жатаканада окуучуларга күч колдонуп, сабаганын көрүүгө болот.

Кыргызстанда 1992-жылдан бери иштеп келе жаткан "Сапат" эл аралык билим берүү мекемелери мыкты мектеп катары белгилүү. Анын окуучулары республикалык жана эл аралык олимпиадаларда алдыңкы орундарды алып жүрөт.

Кыргыз бийлиги 2017-жылдын башында "Себат" лицейин "Сапат" деп өзгөртүп, жарым-жартылай өкмөттүн ээлигине алган. “Сапаттын" өлкө аймагында ондогон лицейлери, бир университети бар.

XS
SM
MD
LG