Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:48

Депутат Сокулуктун "Тез жардам" унаасы айып жайында турганына нааразы болду


Саламаттык сактоо министрлигине берилген техникалар. 8-декабрь, 2023-жыл.
Саламаттык сактоо министрлигине берилген техникалар. 8-декабрь, 2023-жыл.

Жогорку Кеңештин депутаты Аманкан Кенжебаев Сокулук районунун “Тез жардам” унаасы бир нече күндөн бери жол эрежесин бузганы үчүн айып аянтчасында турганын айтып чыкты. Депутат бул маселени парламенттин 25-январдагы жыйынында көтөрүп, мындай жагдай бейтаптар үчүн ыңгайсыздык жаратып жатканын айтты.

Ал “Тез жардам”, өрт өчүрүүчү унаалар жана атайын техника үчүн артыкчылык берүүнү сунуштады.

“Өрт өчүрүүгө бараткан унаа жол чыракта күтүп туруп, анан барышы керекпи? Бул “Тез жардамга” 138 миң айып пул жазылыптыр, унаа айып короосунда турат. Эл “Тез жардамды” чакырып жатат”, - деди Кенжебаев.

Ал тиешелүү мыйзамга өзгөртүү киргизүү керектигин сунуштады.

Министрлер кабинетинин парламенттеги өкүлү Алмасбек Абытов маселени карап чыгып, чече турганын убадалады.

Кыргызстанда “Тез жардам” унаалары жетишпейт. Министрлер кабинети этап-этабы менен медициналык унаалардын санын көбөйтүп жатканын айтып келет.

Былтыр 8-декабрда саламаттык сактоо тармагына 107 автоунаа тапшырылган, алардын 47си “Тез жардам”.

XS
SM
MD
LG