22-январда Алабука районунун Сафед-Булан айылынын тургуну маңзатка байланыштуу кармалганын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) билдирди.
Мекеменин маалыматына караганда, "ал чек арага жакын Сафед-Булан айылында жайгашкан үйүн баңги затты Тажикстандан Кыргызстан аркылуу Өзбекстанга ташуу жана өткөрүү үчүн база катары колдонуп келгени аныкталган".
Кармалган жарандын үйүн тинтүүнүн натыйжасында желим баштыкка скотч менен оролгон, жалпы салмагы 2 кг 166 граммды түзгөн эки таңгак маңзат табылган.
Шектүү УКМКнын тергөө абагына киргизилди.
Учурда бул маңзат каналын уюштурууга тиешеси бар башка адамдарды аныктоо иштери жүрүп жатканы кабарланды. Шектүү тараптын адвокаттары комментарий бере элек.
19-декабрда УКМК Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда Чек ара кызматынын сегиз кызматкерин жана беш жергиликтүү тургунду аткезчилик кылган жана көмөктөшкөн деген шек менен кармаган. (ZKo)
Дагы караңыз
Сот Украинадагы согушка катышкан жаранды пробация менен бошоттуReuters: Израил менен ХАМАС атышууну 30 күнгө токтотууну макулдаштыОрусия украиналык 65 туткунду ташып бараткан учак кырсыкка кабылганын билдирдиРимде "Италия+Борбор Азия" жыйыны өтөт "Кыргызча контент жок, балдардын тили орусча чыгууда" 24.kg агенттиги мүлкүн камактан чыгаруу тууралуу өтүнүч менен УКМКга кайрылды