Кыргызстанда 23-январга караган түнү болгон жер титирөөдөн Каракол шаарындагы №1 жана №3 мектеп гимназияларынын имаратынан жаракалар пайда болду. Бул тууралуу “Азаттыкка” №3 мектептин директору Элнура Тавалды кызы билдирди. Анын айтымында, жарака өтө чоң эмес.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) облустагы башкармалыгы ушул тапта жарандык коргонуу комиссиясы тактоо иштерин жүргүзүп жатканын кабарлады. Алдын ала тактоо иштери боюнча Тоң районунун Кѳк-Сай айылынан бир, Жоомарт Бѳкѳнбаев айылынан дагы бир адамдын турак жайынан жарака кеткен.
“Каракол шаарындагы Ленин атындагы орто мектептин жана бала бакчанын дубалдарында жаракалар пайда болду” деген маалымат түшүп, шаардык жарандык коргонуу боюнча комиссиясы тактоо иштерин жүргүзүп жатат.
Жети-Өгүз районуна караштуу Ак-Шыйрак айылынын башчысы Таалайбек Баякунов буга чейин айылда сегиз үйдөн жарака кеткенин айткан. (AsK)
Дагы караңыз
ӨКМ жер титирөөнүн кесепеттерин аныктоо иштерин жүргүзүүдөАламүдүн капчыгайында жоголгон адамды 300дөй куткаруучу издеп жататАлматы: жер титирөөдөн кийин 44 киши ооруканага кайрылдыЖМК мыйзамы Жогорку Кеңештин комитетинде экинчи жолу каралган жокОрунтаев: Силкинүүдөн жабыркаган имараттар аныкталган жокЫсык-Көл: жер титирөөдөн Ак-Шыйрак айылындагы сегиз үйдөн жарака кеттиСугатка бөлүнгөн акчаны менчиктеп алгандарга кылмыш иши козголдуЖК комитети “чет элдик өкүл” долбоорун экинчи окууда колдоду