Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:41

Сугатка бөлүнгөн акчаны менчиктеп алгандарга кылмыш иши козголду


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Башкы прокуратура сугат тармактарына бөлүнгөн акча каражатын кымырып алган кызмат адамдарына кылмыш иши козголгонун маалымдады.

Көзөмөл органынын басма сөз кызматы кабарлагандай, Сокулук райондук прокуратурасы Чүй облустук өнүктүрүү фондунун, Кызыл-Туу жана З. Кайназарова атындагы айыл өкмөттөрүнүн кызматкерлерине карата Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (“Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу”) менен кылмыш ишин козгоду.

Маалыматка ылайык, 2022-жылы 24-августта “Н.Л”. жеке ишканасы менен райондук тийиштүү кызматкерлер “Сугат тармактарын капиталдык оңдоо” жана “Эски темир-бетон лотокторду алмаштыруу” долбоорлорун ишке ашыруу боюнча түзүлгөн келишимдин талаптарын бузуу менен эч кандай жумуштар аткарылбаса дагы, жасалма акт түзүп, “Н.Л” ишканасына 5 млн 773 миң 813 сом которуп жиберишкени текшерүүдө аныкталган.

Прокуратура белгилегендей, 2022-жылдан ушул күнгө чейин “Н.Л.” ишканасы келишимде көрсөтүлгөн жумуштарды аткарбай, мамлекетке өзгөчө ири өлчөмдө материалдык зыян келтирген.

Кылмыш ишин иликтеп-тергөө Сокулук районудук ички иштер бөлүмүнө тапшырылган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG