Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 14:50

Ысык-Көл: жер титирөөдөн Ак-Шыйрак айылындагы сегиз үйдөн жарака кетти


Жер титирөөдө жарака кеткен үйлөр.
Жер титирөөдө жарака кеткен үйлөр.

Кыргызстанда 23-январга караган түнү болгон жер титирөөдөн Ысык-Көл облусундагы Жети-Өгүз районуна караштуу Ак-Шыйрак айылында сегиз турак жайдан жарака кетти. Бул тууралуу “Азаттыкка” аталган айылдын айыл өкмөт башчысы Таалайбек Баякунов билдирди.

“Ак-Шыйрак Кытайдын чек арасына жакын жайгашкандыктан, жер титирөө катуу эле болуптур. Эртең менен аныкталгандай, сегиз үйдөн ар кандай жаракалар кетиптир. Азыр айыл башчы айылды кыдырып дагы тактап жатат. Мен облустук администрацияга маалымат бердим. Айылдагы жашоочулар сүрөт, видео салып жатышат”, - деди ал.

Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) маалыматы боюнча, Кытайдын аймагында магнитудасы сегиз баллга жеткен жер титирөө болду. Жердин силкинүүсү Кыргызстандын Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы “Кумтөр” ишканасынын аймагында 6 балл, Каракол шаарында, Тоң районунун Кажы-Сай айылында 4,5 балл, Нарын шаарында 4 балл, ал эми Бишкекте 3 баллга жеткен.

АКШнын Геологиялык кызматынын расмий сайтында көрсөтүлгөндөй, шейшембиге караган түнү Кытайдын Кыргызстан менен чек арасына жакын аймагында беш жолу жер силкинди. Алардын эң кубаттуусунун магнитудасы 7 балл деп көрсөтүлдү. Калган төрт силкинүүнүн күчү 5 жана 5,5 баллдын тегерегинде болду.

Силкинүү Казакстанда, Өзбекстанда да сезилип, Алматы шаарында күчү 5 баллга, Ташкентте 3-4 баллга жеткени айтылды. (AsK)

XS
SM
MD
LG