Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 05:27

Аламүдүн капчыгайында жоголгон адамды 300дөй куткаруучу издеп жатат


Чүйдүн Аламүдүн капчыгайында бир жумадан бери дайынсыз болуп жаткан жаранды 282 куткаруучу издеп жатат. Анын 172си Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери. Калганы милиционерлер. 23-январдагы расмий маалыматка ылайык, издөө иштерине 22 техника, жети дрон колдонулууда.

28 жаштагы Маматалы уулу Мухамедаалы 14-январда үйүнөн чыгып кеткен бойдон табыла элек. Анын тоону таяп бара жатканы капчыгайдагы "Жаннат Резорт" мейманканасынын камерасына түшүп калган.

Аны издөө боюнча “12 каминов” эс алуучу борборунун аймагында штаб түзүлгөн.

Маматалы уулунун жакындары буга чейин издөө иштери жай жүрүп жатканын билдирип, коомчулуктан, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен жардам сураган.

XS
SM
MD
LG