Сокулукта кыргыз-өзбек биргелешкен автоунаа заводу быйыл ачылат

Данияр Амангелдиев.

Сокулук районунда жайгашкан кыргыз-өзбек биргелешкен автоунаа чыгаруучу заводдун курулушу 2024-жылдын биринчи жарымында аяктарын экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев 22-январда маалымат жыйында билдирди.

“Алгачкы жарым жылдыктын соңунда заводдон биринчи продукциялар чыгып калат деп ойлойм. Бул жөнөкөй долбоор эмес. Аны туура жөндөп, керектүү технологияларды, роботтоштурулган шаймандарды орнотуу бар. Жумуш "жол картасында" көрсөтүлгөн план боюнча жүрүп жатат”, - деди министр.

Кыргызстанда Өзбекстан менен чогуу автоунаа чыгаруучу завод куруу жөнүндө мыйзамга президент Садыр Жапаров былтыр апрелде кол койгон. Бул документтин кабыл алынышы өлкө аймагында жеңил жана коммерциялык техниканы чогултуу өндүрүшүн уюштуруу боюнча инвестициялык долбоорду ишке ашырууга мүмкүндүк берери айтылган.

Жогорку Кеңеш бул мыйзам долбоорун былтыр 15-мартта кабыл алган. Былтыр 27-январда кыргыз жана өзбек өкмөттөрүнүн ортосунда автомобиль жана коммерциялык техника өндүрүүнү уюштуруу жөнүндө макулдашууга жетишилген.

Макулдашууда заводду куруу үч этапта иштей турганы, алгач 500 жумуш ордун түзүү менен 10 миң даана автоунаа чыгаруу каралган. Кийинки этапта жумуш орундарын көбөйтүп, машине чыгарууну 30 миңге жеткирүү жазылган.

Кыргызстандын аймагына биргелешип автомобиль чыгарган заводду куруу тууралуу макулдашууга Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин былтыр 26-27-январда Бишкекке болгон мамлекеттик сапарынын алкагында кол коюлган.

Дагы караңыз

Казакстан орусиялык алып баруучу Канделакини киргизбей турганын билдирдиКамалган башкыр активистин колдоп чыккан төрт киши камакка алындыИсламабад менен Тегеран биргелешкен билдирүү жарыялаштыНавальный кайрадан жазалоочу камерага камалды