Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:31

Камалган башкыр активистин колдоп чыккан төрт киши камакка алынды


Уфа шаары. Алсыновду колдоп чыккандарды кармоо.
Уфа шаары. Алсыновду колдоп чыккандарды кармоо.

Башкырстандын борбору Уфа шаарынын Совет райондук соту активист Фаил Алсыновду колдоо акциясына катышкандардын арасынан төрт кишини эки айга камакка алды. Аларды 17-мартка чейин камакта кармоо тууралуу чечим чыкканын республиканын сотторунун басма сөз кызматы билдирди.

Активисттер Азат Мирзин, Даяна Валеева, Вилюр Карачурин жана Раят Давлетбаев жапырт башаламандыкка катышуу тууралуу берене негизинде айыпталып, Карачуринден башкаларына бийлик өкүлүнө күч колдонуу деген да айып тагылып жатканы кабарланды.

Буга чейин акциянын дагы бир катышуучусу Дмитрий Давлеткилдинге да жапырт башаламандык тууралуу айып тагылганы белгилүү болгон.

Жалпысынан, жергиликтүү телеграм-каналдардын маалыматына караганда, Башкырстандагы соңку окуялардан кийин 30даш ашуун киши кармалган, алардын көбүнө полицияга баш ийбөөчүлүк тууралуу берененин негизинде айып тагылууда, ишемби күнү сот алардын 27синин ишин карап, айыптуу деген чечим чыгарган.

17-январда Баймак шаарында райондук соттун чечими менен жергиликтүү экоактивист, Куштау тоосун коргоп чыккандардын бири Фаил Алсынов "жек көрүүчүлүкту жана кастыкты козуткан" деген негизде төрт жылга эркинен ажыратылган. Ошол күнү бир нече миңдеген киши баймак райондук сотунун жанына чогулуп, активистти бошотууну талап кылышкан. Полиция алардын тарап кетүүсүн талап кылып, күч колдонгондо ортодо башаламандык тутанган.

Активист ага тагылган айып негизсиз экенин айткан.

Бүгүн Башкырстандын жетекчилиги видео жарыялап, Баймактагы нааразылык акциясы сырттан уюштурулганын билдирди. Буга 2021-жылы Орусиядан чыгып кетүүгө мажбур болгон, азыр Литвада жашап жаткан башкыр активисти Руслан Габбасовду айыптап, аны "Батыштагы кураторлор дайындаган» деп атады.

Алсыновго каршы иштин козголушуна анын 2023-жылдын апрель айындагы сөзү себеп болгон. Адвокаттын айтымында, активистти "кара халык" деп айтканы үчүн айыпташты. Бирок, жактоочунун белгилешинче, бул жерде сөз кара эмес, жөнөкөй деген мааниде айтылган.

Росфинмониторинг уюму Алсыновду "экстремисттер жана террористтер тизмесине" киргизген. Өзүн имам деп тааныштырган Хамза Хафизов атуу адам "Новости" басылмасына курган маегинде аны ваххабиликке айыптаган.

Алсынов мурда "Башкорт" деген уюмдун жетекчиси болчу. Бул уюмду Орусия бийлиги 2020-жылы экстремисттик деп жарыялап, өлкө аймагында ишмердүүлүк жүргүзүүсүнө тыюу салган.

Активист 2018-жылы Башкырстандын Ишимбай районунда жайгашкан Куштау тоосун коргоп калуу үчүн уюштурулган акциялардын катышуучусу болгон. Бийлик тоону «Башкыр сода» компаниясына өткөрүп берүүгө аракет кылган, бирок активисттердин аракети менен ага жаратылыш эстелиги деген макам ыйгарылган. (RK)

XS
SM
MD
LG