Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:06

Навальный кайрадан жазалоочу камерага камалды


Алексей Навальный.
Алексей Навальный.

Орусияда түрмөдөгү оппозиционер саясатчы Алексей Навальный жазалоочу жалгыз кишилик камерага кайрадан камалганын бүгүн 22-январда анын тарапташтары билдиришти. Кремлдин сынчысын “түрмөнүн көзөмөлдөөчүсү чакырган убакта бара албай калганы үчүн” 10 суткага камап коюшканы маалымдалды.

Навальныйды Орусиянын эң алыскы, арктикалык аймагындагы түрмөгө өткөн айда которушкан. Аталган колониянын жазалоочу камерасына ал буга чейин да бир жолу отуруп чыккан.

Ал эми жалпысынан, Навальныйдын тарапкерлеринин белгилешинче, ал 2021-жылы камакка алынгандан бери ушуну менен 25-жолу жазалоочу камерага камалууда.

47 жаштагы Навальный камакта 2021-жылдын январь айынан бери отурат. Былтыр августта ал “экстремисттик ишмердүүлүк менен алектенген уюмду негиздөө жана каржылоо” деген кине менен 19 жылга эркинен ажыратылган. Буга чейин “Ив-роше” иши боюнча айыпталып, тогуз жылдык жазасын өтөп жаткан. Навальный өзүнө тагылган айыптарды четке кагып келет. Ал 2021-жылдын башында Орусияга Германиядан дарылануудан кайтып келатканда кармалган. Бир катар укук коргоо уюмдары Навальныйды саясий туткун деп таанышкан. (RK)

XS
SM
MD
LG