Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:58

Казакстан орусиялык алып баруучу Канделакини киргизбей турганын билдирди


Тина Канделаки.
Тина Канделаки.

Казакстан орусиялык теле алып баруучу Тина Канделакиге бул өлкөгө кирүүгө тыюу салды. Бүгүн 22-январда Казакстандын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Айбек Смадияров журналисттердин "Канделаки өткөн аптада Казакстанды орус тилин басмырлап жатат деп айыптаганы үчүн өлкөгө киргизилеби?" - деген суроосуна жооп берип жатып:

«Мамлекет мындайды эч качан кечирбейт. Ал Казакстанга келбейт, келсе да киргизилбейт», — деп жооп берди.

Смадияров «Эгер биз алардын ар бирине көңүл бура бере турган болсок, убактыбыз жетпейт. Эң өкүнүчтүүсү — биздин бул коңшу өлкөбүз, досторубуз биздин өлкө тууралуу билбегени. Себеби алардагы биз тууралуу маалымат туура эмес. Социалдык түйүндөр аркылуу конфликтке киришкендин ордуна, келгиле, жумушубузду уланталы», — деди.

Өткөн аптада Канделакинин «Казакстанда орус тилин сүрүп чыгаруу мамлекеттик деңгээлде акырындап, бирок ишенимдүү жүрүп жатат» деген пост жарыялаганы Казакстанда чоң талкуу жаратты.

«Республиканын транспорт министрлиги бир нече темир жол станциясынын орусча аталышын казакчага алмаштыргысы келип жатат. Мисалы, "Уральск" станциясын "Орал", "Узенди" "Жаңаөзен" деп алмаштыруу сунушталууда. Балтика өлкөлөрүнүн тажрыйбасы көрсөтүп жаткандай, бул өтө кооптуу тенденция», — деген Канделаки.

Казакстандык сегментте алып баруучунун бул жазганына жооп катары көптөгөн посттор, видеолор чыгып жатат. Алар Казакстан көз каранды эмес мамлекет экенин, ал темир жол станцияларынын аталышын кандай деп атоону өзү билерин, совет бийлиги тушунда жоголуп кеткен эне тилин кайра кайтарып жатканын айтууда.

2022-жылы Казакстандын Тышкы иштер министрлиги өлкөгө кирүүсү ылайык эмес деген адамдардын тизмеси бар экенин, анда орусиялык медиаменежер жана пропагандачы Маргарита Симоньяндын күйөөсү, орусиялык пропагандачы Тигран Кеосаян да бардыгы маалымдалган.

Өткөн айда Орусиянын «Справедливая Россия – За правду» партиясынын теңтөрагасы Захар Прилепиндин Өзбекстан боюнча айткандары өзбек коомчулугунда кызуу талкууланган. Анын Өзбекстанды Орусияга кошуп алуу тууралуу сөзүнөн кийин Өзбекстандын тышкы иштер министрлиги орус элчисин чакыртып, сүйлөшүү жүргүзгөн. Өзбек парламентинин (Олий Мажлис) жогорку палатасынын (Сенат) төрайымы Танзила Нарбаева Өзбекстан эч качан кимдир бирөөнүн колониясы болбой турганын айткан.

Орус тарап Орусия Өзбекстандын суверенитетинен, көз каранды эместигинен жана аймактык бүтүндүгүнөн эч качан күмөн санабай турганын билдирген.

2008-жылы Орусия президенти Владимир Путин "Крым талаштуу аймак эмес... Орусия Украинанын азыркы чек арасын тааныйт", - деп айткан.

2014-жылы Москва Крымды аннексиялап алган.

2022-жылы Украинага аймактык доо артып, толук масштабдуу согуш ачкан. (RK)

XS
SM
MD
LG