Аскер бөлүктүн үч кызматкери жоокерлерди сабаган деген шек менен камалды

Кармалган шектүүлөр.

Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы Коргоо министрлигинин аскер бөлүктөрүнүн биринин кызмат адамдары “жоокерлерге зомбулук көрсөткөн” деген шек менен кармалганын билдирди.

Башкы көзөмөл органынын 22-январдагы маалыматына ылайык, Кылмыш-жаза кодексинин “Уруп-сабап кыйноо” беренеси менен козголгон кылмыш иши боюнча үч адам камакка алынды. Ушул тапта тергөө жүргүзүлүп, кылмышка тиешеси бар башка да адамдар такталып жатат.

Мекеме камакка алынгандар кайсы аскер бөлүгүнүн кызматкерлери экенин маалымдаган жок.

Кыргызстанда жоокерлерди уруп-сабаган окуялар буга чейин да болгон. Алардын айрымдары өлүм менен аяктаган да учурлар бар.

Коргоо министрлигинин 2017-жылдан 2021-жылга чейинки отчетуна ылайык, беш жыл ичинде өлкөдөгү аскер бөлүктөрүндө 62 аскер кызматкери каза тапкан, алардын 12си суицидге барган. (BTo)

Дагы караңыз

Республикачы Рон Десантис президенттик жарыштан чыкканын жарыялады Президент сугат маселесин бассейн куруу менен чечсе болорун билдирдиЗеленский мобилизация жарыялоонун зарылдыгы жок экенин айтты Президент Жапаров тышкы карыз тууралуу маалымат берди Азия Кубогу-2023: Кыргызстан Сауд Арабиясына 0:2 эсебинде жеңилдиОоганстанда кулаган учактын төрт жүргүнчүсү табылды, экөө изделүүдө Киев аскерлери Крахмальное айылынан чыгып кеткенин ырастады