Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:15

Киев аскерлери Крахмальное айылынан чыгып кеткенин ырастады


Украин аскерлери Харьков облусундагы Крахмальное айылынан чыгып кеткенин Кургактагы аскер күчтөрүнүн өкүлү Владимир Фитько украин телеканалынын эфиринде билдирди. Ага чейин дем алышта Орусиянын Коргоо министрлиги Купянск багытында аталган айылдан украин аскер күчтөрүн сүрүп чыгарганын маалымдаган.

Владимир Фитько украин аскерлери айылдан чыгып, алдын ала даярдалган аймакка, ыңгайлуу позицияга жылганын белгиледи. Ал бул чечимдин кооптуу жагы жоктугун, бул убактылуу гана көрүнүш экенин белгилеп, фронттун линиясы күндө өзгөрүп турарын кошумчалады.

Мындан тышкары ал Крахмальное айылында согуш баштала электе 45 гана киши жашап, бир нече үй болгонун, алардын баары кармаш учурунда бузулганын айтты.

Согушту иликтеген америкалык институт 20-январда орус аскерлери Купянск – Сватово – Кременнаяны бойлой чабуулга өтүп, Крахмальное айылын көзөмөлгө алганын билдирген.

XS
SM
MD
LG