Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:11

Республикачы Рон Десантис президенттик жарыштан чыкканын жарыялады


Рон Десантис
Рон Десантис

АКШнын Флорида штатынын губернатору Рон Десантис жекшембиде Х социалдык тармагындагаы видео кайрылуусунда президенттикке ат салышуудан баш тартканын билдирди. Ал республикачы Дональд Трамптын талапкерлигин колдой турганын айтты.

Би-Би-Си маалымдагандай, Десантистин күтүүсүз чечими 23-январда Нью-Гэмпширде өтуүчү президенттик праймериздин алдында жарыяланды.

Десантистин жарыштан чыгышы менен мурдагы президент Трампка Түштүк Каролина штатынын мурдагы губернатору, АКШнын Бириккен улуттар уюмундагы (БУУ) мурунку туруктуу өкүлү Никки Хейли республикачылардын арасынан негизги атаандаш болот.

"Америка авазы" маалымдагандай, көпчүлүк Десантисти келерки шайлоолордо республикачылардын ичинен негизги талапкер деп санашчу. 2023-жылдын башында ал бир катар сурамжылоолордо лидерлик кылган. Бирок кийинки айларда аны колдоочулар азайган.

Өткөн аптада Республика партиясынын Айовадагы жыйынында Десантис добуштардын 21% алып, экинчи орунду ээлеген. Дональд Трапм 51% алган. Никки Хейли 19% добуш менен үчүнчү орунду алган.

АКШда кезектеги президенттик шайлоо быйыл 5-ноябрда өтөрү пландалган.

XS
SM
MD
LG