Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:35

Ооганстанда кулаган учактын төрт жүргүнчүсү табылды, экөө изделүүдө


Москваны көздөй учуп баратып Ооганстандын түндүк-чыгыш тарабындагы тоолуу аймакка кулаган тез жардам чартердик рейсиндеги төрт киши аман-эсен табылды.

"Росавиация" билдиргендей, ар кандай жараат алган жүргүнчүлөрдү куткаруучулар тапкан. Борттогу дагы эки кишинин тагдыры белгисиз, алар изделүүдө. Орусияда катталган чартердик учак 20-январда радардан жоголуп кетип, байланышка чыкпай калган. Маалыматтарга караганда, Тайланддан учуп чыккан тез жардам рейси кулап түшөрдөн мурда Индияга жана Өзбекстанга конгон.

"Талибан" башкарган өкмөттүн маалымат катчысы Забихулла Муджахиддин билдиришинче, учак Ооганстандын Бадахшан провинцияисында Каран Ван Мунжан жана Зебак райондорунун ортосуна түшкөн.

Айрым маалыматтарга караганда, учактын ичинде оор абалдагы бейтап, Орусиянын жараны бар болчу.

Ал Тайланддын Паттайя шаарындагы ооруканалардын биринен Орусияга жеткирилмек.

XS
SM
MD
LG