Орусия Британия менен балык чарбасы боюнча келишимди токтотот

Орусиянын өкмөтү Мамлекеттик Думага Британия менен балык чарбасы боюнча келишимди денонсациялоо боюнча мыйзам долбоорун киргизди. 18-январда Министрлер кабинети жаңы жылдан кийинки алгачкы жыйынында келишимдин денонсациясын жактырган. Балык чарбасы боюнча келишим мурдагы СССР менен Британиянын ортосунда 1956-жылы май айында, мурдагы Советтер Союзунун жетекчилери Никита Хрущёв менен Николай Булганиндин Лондондогу сапарынан кийин жетишилген.

Советтер Союзу кулагандан кийин келишим күчүндө кала берген.

Бул документке ылайык, британ балыкчыларына Баренц деңизинин белгилүү аймактарында Коль жарым аралынын жээктеринде иштөөгө уруксат берилген. Кемелер эркин сүзүп, бул аймактарда токтой алган. Орусия Украинага басып кирген соң, Британиянын соода жүргүзүүдө эң ыңгайлуу режимден баш тартканын жүйө келтирип, 70 жыл иштеген келишимди токтотууну сунуштаган.

Мыйзам долбооруна түшүндүрмө катта келишим “негизинен бир тараптуу” экени жана аны денонсациялоо “Орусияга олуттуу тышкы саясий жана экономикалык кесепеттерди алып келбейт” деп айтылат.

"Российская газета" басылмасы бул келишимдин жокко чыгышы уникалдуу болорун белгилеп, буга чейин азык-түлүк жаатындагы эл аралык келишимдер денонсация болгон учур боло электигин жазды.

Бир катар британ таблоиддери мындай маалыматтан улам бул кадам Fish and chips салттуу тамагынын кымбатташына алып келет деген тынчсыздануу билдирди. Балык чарба уюмдарынын улуттук федерациясы Москванын чечими индустрияга таасир этпестигин айтып, соңку мезгилде британ балыкчылары келишимде көрсөтүлгөн аймактарда балык кармабай калганын билдирди. Британ өкмөтү орус бийлигинин чечимин “өзүн өзү изоляциялоо” деп атады.

Дагы караңыз

Ооганстанда кулаган учактын төрт жүргүнчүсү табылды, экөө изделүүдө Түндүк Корея: Эки өспүрүм сериал көргөнү үчүн 12 жылдык жазага тартылган Эл аралык журналисттер федерациясы 11 журналистти токтоосуз бошотууга чакырды