Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:22

Түндүк Корея: Эки өспүрүм сериал көргөнү үчүн 12 жылдык жазага тартылган


Би-Би-Си Түндүк Кореядан алынган видеону жарыялады. Анда эки өспүрүм түштүк кореялык сериалды (дорама) көргөнү үчүн жазаланып, 12 жылга оор жумуш жазасына өкүм кылынган учур тартылган. Аталган видеону Түштүк жана Түндүктү өнүктүрүү боюнча изилдөө институту берген. Ал 2022-жылы тартылган болушу мүмкүн деп болжолдонууда.

Видеодо стадиондо олтурган окуучулардын көзүнчө 16 жаштагы эки өспүрүмдүн колуна кишен салынып жатканын көрүүгө болот. Маалыматтарга караганда, бул ролик Түндүк Кореяда идеологиялык тарбиялоо жана жарандарды мындай сериалдарды көрүүдөн оолак кылуу максатында таратылган.

Түндүк Корея өлкөнүн ичиндеги жашоо тууралуу сүрөт, видео жана башка материалдардын сыртка чыгышына тыюу салат. Ошондон улам бул материал абдан сейрек учурлардын бири болуп саналарын Би-Би-Си белгилейт.

2020-жылы Пхеньян түштүк кореялык берүүлөрдү көрүү, сактоо жана таратуу үчүн жазаны өлүм жазасына чейин күчөткөн.

XS
SM
MD
LG