Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:15

Эл аралык журналисттер федерациясы 11 журналистти токтоосуз бошотууга чакырды


16-явнарда камакка алынган журналисттер.
16-явнарда камакка алынган журналисттер.

Уюм Кыргызстан адам укуктары жаатында эл аралык бир катар милдеттенмелерди алганы белгилеп, журналисттик иликтөөлөргө жана сөз эркиндигине каршы репрессияны токтотууга чакырган.

"Өлкөнүн бийлиги ыктымал коррупцияны иликтеп аткан журналисттердин оозун жабуу максатында куугунтуктоо - авторитардык режимдердин жасаган иши. Биз Кыргызстандагы сөз эркиндигине каршы кооптуу аракеттерге тынчсызданып, 11 журналистти токтоосуз бошотуп, алардан коюлган айыптарды алып салууга чакырабыз. Бийлик көз карандысыз журналистиканы сыйлашы керек", - деп билдирди уюмдун башкы катчысы Энтони Белланжер.

16-январда таң эрте Temirov Live медиасынын мурдагы жана азыркы он бир кызматкери кармалып, кийин соттун чечими менен 2 айга камакка алынган. Аларга Ички иштер министрлиги Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси "массалык башаламандыкка чакыруу" боюнча кылмыш иши козгогон.

19-январда Евробиримдиктин Кыргызстандагы өкүлчүлүгү, Австриянын, Бельгиянын, Финляндиянын, Франциянын, Германиянын, Латвиянын, Литванын, Нидерланддын, Португалиянын, Испаниянын жана Швециянын элчиликтери Кыргызстанда журналисттердин кармалышына байланыштуу тынчсыздануусун айтышып, биргелешкен билдирүү жарыялашкан.

Кайрылуу жолдогондор кыргыз бийлигин адам укуктары боюнча эл аралык милдеттенмелерин сактоого, журналисттердин укуктарын жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын эркиндигин коргоого, ошондой эле адвокаттардын катышуусу менен тергөө иштерин мыйзам чегинде жүргүзүүгө чакырышкан.

Камоолорго байланыштуу Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчилиги дагы 19-январда билдирүү жасады.

Журналисттердин камалышына АКШнын бийлиги дагы кабатырлануусун билдирген.

18-январда Орусиядагы бир катар эркин медиалардын өкүлдөрү да Temirov Live медиасынын мурдагы жана азыркы кызматкерлерин коркунучтуу кылмышкерлердей таң заардан жапырт кармап, эки айга камакка алынышын сынга алышкан.

Кармалгандардын баары аларга коюлуп жаткан айыпка макул эместигин айтышты.

Камакка алынгандар – “Темиров LIVE” редакциясынын кабарчысы Айке Бейшекеева, кызматкерлери Акыл Орозбеков жана Максат Тажыбек уулу, редакциянын мурдагы кабарчысы Жоодар Бузумов, “Темиров LIVE” редакциясынын, “Айт, айт десе” долбоорунун кызматкерлери Сапарбек Акунбеков жана Азамат Ишенбеков, аталган долбоорлордун директору, Кыргызстандан чыгарылган иликтөөчү журналист Болот Темировдун жубайы Махабат Тажыбек кызы, “Темиров LIVE” редакциясынын мурдагы журналисти, учурда “Арча Медиада” (мурдагы Next TV медиасы) иштеген Сайпидин Султаналиев жана Актилек Капаров, ошондой эле Жумабек Турдалиев аттуу кызматкер жана 2022-жылы жайында “Темиров LIVE” каналынан кетип, ошол жылдын сентябрынан тартып “ПолитКлиникада” иштеген Тыныстан Асыпбеков.

XS
SM
MD
LG