Экономика министрлиги калктын акчалай кирешеси акыркы эки жылда 40% ашык өскөнүн билдирди

Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын Экономика жана коммерция министрлиги калктын акчалай кирешеси акыркы эки жылда 40 пайыздан ашык өскөнүн билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, 2023-жылы орточо айлык акы 32 миң 142 сомду түзүп, 2022-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 20,6% өскөн. Ал эми анын реалдуу өлчөмү керектөө бааларынын индексин эсепке алганда 8,6 пайызга көбөйгөн. Министрлик пенсиянын орточо өлчөмү 19,5%, ал эми айлык, социалдык жөлөкпул 2 эсе жогорулаганын белгилеген.

Буга чейин Улуттук статистика комитети 2023-жылы Кыргызстанда керектөөчү товарлар жана тарифтер 2022-жылдын декабрь айына салыштырмалуу 7,3% өскөнүн кабарлаган. Статкомдун анализине караганда, эң көп азык-түлүк эмес товарлар 12,2%, алкоголдук ичимдиктер жана тамеки буюмдары 11,3% кымбаттады. Талдоочулар баалардын эң көп өсүшүн Нарын облусунда каттап, бул көрсөткүч 12,7% түздү.

Статистика комитети эң көп күрүч (39,9%), макарон азыктары 7,3%), сүт азыктары (5,6%), нан (5,2%), ун (1,3%) жана эттин (1,4%) баасы өскөнүн билдирген. Статкомдун 2023-жылдын аягындагы талдоосуна караганда, сүт, жумуртка, балык, сыр, эт жана ун бир топ кымбаттаган.

Кыргызстандын азык-түлүк коопсуздугунун деңгээлин баалоо үчүн тамак-аштын эң керектүү тогуз түрү аныкталган. Алар: нан азыктары, картошка, мөмө жана жер-жемиштер, жашылча жана бакча өсүмдүктөрү, кумшекер, өсүмдүк майы, сүт азыктары, эт азыктары жана жумуртка. Кыргызстан анын үчөөсүн – картошка, сүт жана жашылча менен гана өзүн толук камсыздай алат. Калгандарынын көбүн сырттан ташыйт. Аталган маанилүү товарлардын 70% башка өлкөлөрдөн сатылып келет.

Адистер өлкөдө аталган товарлардын кез-кезде кескин кымбаттап кетишин так ушул себеп менен байланыштырып жүрүшөт. (КЕ)

Дагы караңыз

Кыргыз-казак чек арасында тамекини мыйзамсыз ташуу фактысы аныкталдыЧелябинск: базарда чыккан өрттө эки кыргызстандыктын соода түйүндөрү күйүп кеткенБишкекте балдар үчүн кыргызча контенттин жоктугу талкууландыКоюу тумандан улам Ошто аба каттамдары кармалуудаЭстония, Латвия жана Литва Орусия менен чек арасына "коргонуу аймагын" курууну макулдашты