Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:49

Бишкекте балдар үчүн кыргызча контенттин жоктугу талкууланды


Бишкектеги талкуу.
Бишкектеги талкуу.

Бишкекте "Балам үчүн кыргызча контент” аттуу эркин талкуу форматында иш-чара өтүүдө. Иш-чарада балдардын тили башка тилдерде чыгып жатканы, балдар үчүн атайын китептердин, жеткинчектерге ылайыкталган ар кандай форматтагы кызыктуу, жеткиликтүү контенттин аздыгы талкууланууда.

Конференциянын жүрүшүндө “Турар” басма үйү которуп чыгарган балдарга арналган жомоктор топтомунун бет ачары да болду. Талкууга тилчилер, мугалимдер, жазуучулар, илимоздор катышууда. Иш-чараны “Турар” басма үйү уюштурган.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматына караганда, Кыргызстандын калкынын дээрлик 37 пайызын балдар түзөт, же алардын саны эки миллион 100 миңден ашык. Булардын ичинен 12 пайызы беш жашка чейинки балдар. (NbA)

XS
SM
MD
LG