Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:27

Коюу тумандан улам Ошто аба каттамдары кармалууда


Бүгүн, 20-январда "Ош" аба майданында коюу туманга байланыштуу аба каттамдары кармалууда. Бул тууралуу "Манас” аэропортунун басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, аэропортто эртең мененки саат 10:00дөн тартып коюу туман каптаган. Учурда тумандан улам 30-33 метрден алыс аралыктагы жер көрүнбөй калган. Аэропорт учуулардын убактысы тууралуу кошумча маалымат берилерин билдирди.

Буга чейин 16-январда дагы аба ырайына байланыштуу Бишкек-Ош жана Ош-Бишкек багыттары боюнча, Ош-Стамбул жана Стамбул-Ош багыттары боюнча авиакаттамдар токтотулганы кабарланган. Ошол маалда тумандан улам 60-70 метрден алыс жер көрүнбөй калганы айтылган.

Аба ырайы кескин өзгөрүп, туман каптаган маалда Кыргызстандагы аэропорттордо каттамдар кармалган учурлар болот. (КЕ)

XS
SM
MD
LG