Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 18-январда Москвага иш сапары алкагында Орусиянын өкмөт башчысы Михаил Мишустин жана соода-экономика, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташуу боюнча кыргыз-орус комиссиясынын теңтөрагасы Алексей Оверчук менен жолугушту. Бул тууралуу маалымат өкмөт башчынын сайтында жарыяланды.
Жолугушууда тараптар кыргыз-орус кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин сүйлөштү. Мурдагы жетишилген келишимдердин аткарылышын талкуулап, эки өлкө өкмөтүнүн Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташуу боюнча 25-жыйынын жана Аймактар аралык кыргыз-орус 11-конференциясын өткөрүү күнүн макулдашты.
Расмий маалыматтарга караганда, Кыргызстан менен Орусиянын ортосундагы соода-сатык көлөмү 2022-жылы рекорддук чекке жетип, 3,4 млрд долларды түзгөн. Ал жылы Орусиядан түз инвестиция түрүндө 145 млн доллар келгени, бул сырттан келген жалпы инвестициялык салымдын 12 % түзөрү, былтыркы биринчи жарым жылдыкта 87 млн доллар келип, жалпы инвестициялардын 20% түзгөнү кабарланган.(ZKo)
Дагы караңыз
Британ элчилиги Кыргызстандагы сөз эркиндигине кабатырлыгын билдирдиБостери: 70тен ашуун тургун жеринен айрылабы? Түркиянын алгачкы астронавты космоско учтуОрусиялык көз карандысыз журналисттер кыргызстандык кесиптештери боюнча кайрылуу кылдыКонгресс өкмөттү убактылуу колдоочу мыйзам долбоорун кабыл алды