CPJ: Дүйнөдө түрмөгө камалган журналисттердин саны өстү

“Эркин Европа/Азаттык” радиосунун татар-башкыр кызматынын журналисти Алсу Курмашева Казань шаарындагы сот залында.

Журналисттерди коргоо комитети билдиргендей, 2023-жылы дүйнөдө түрмөгө камалган журналисттердин саны кескин өстү. Беларус, Орусия сыяктуу мамлекеттер көз карандысыз маалымат каражаттарынын оозун жабуу үчүн “экстремизм” жана “мамлекеттик түзүлүшкө каршы чыкты” деген сыяктуу мыйзамдарды колдонгон.

Баш кеңсеси Нью-Йоркто турган "Журналисттерди коргоо комитети" (The Committee to Protect Journalists - CPJ) 18-январда жарык көргөн жылдык баяндамасында белгилегендей, 2023-жылдын 1-декабрына карай дүйнөдө 321 кабарчы камалган.

Баяндамага караганда, баарынан көп журналисттер Кытайда камалган. Кытай бийлиги 44 кабарчыны эркинен ажыраткан. Мьянмада 43 журналист камалып, экинчи орунда. Андан кийинки тепкичте Беларус менен Орусия турат.

Комитет абакка кесилген журналисттердин 65% бийликти сындаган материалдары үчүн "жалган маалымат таратуу" жана "террорчулук" сыяктуу айыптоолорго туш болгонун белгилейт.

Беларуста 2022-жылдагы президенттик шайлоонун талаштуу жыйынтыктарынан кийин башталган толкундоолордон соң журналисттерди камоо күчөгөн. Ал шайлоонун жыйынтыгы менен Беларустун авторитардык башчысы Александр Лукашенко дагы алты жылга шайланган. Анын жеңишин Батыш мамлекеттери жана оппозиция тааныган эмес.

"Журналисттерди коргоо комитети" билдиргендей, Беларуста камалган журналисттердин 71% "мамлекетке каршы чыккан" деген айып тагылган жана алардын теңинен көбү беш же андан көп жылга абакка кесилген.

Беларуста камакта жаткан "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун журналисттери Игорь Лосик, Олег Грудзилович жана Андрей Кузнечук.

Комитет билдиргендей, 2022-жылы Москва Украинага согуш ачкандан бери сөз эркиндигине басым жасоону күчөтүп, Орусияда көз карандысыз медиа каражаттары дээрлик калган жок.

"Москва четке чыгып кеткен журналисттерди куугунтуктап, камоого ордер берип, бозгунда жүргөн таанымал калемгерлерди сыртынан абакка кесип жатат”, - деп жазылат баяндамада.

Дүйнөдө камалган 17 чет элдик журналисттин 12cи Орусияда камакта отурат. Алардын арасында “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун татар-башкыр кызматынын журналисти Алсу Курмашева жана Wall Street Journal басылмасынын кабарчысы Эван Гершкович да бар.

Дагы он украиналык журналист, алардын бешөө крым татарлары - Орусияда темир тор артында. Москва Украинанын Крым жарым аралын 2014-жылы мыйзамсыз аннексиялап алган.

Дагы караңыз

Татарстандын Жогорку Соту журналист Алсу Курмашеваны камакта калтырды

Камактагы журналисттердин саны кыскарган мамлекет катары Иран белгиленген. Бир кезде түрмөдөгү журналисттердин саны боюнча алдына эч кимди салбаган өлкөдө 2022-жылга салыштырмалуу камактагы кабарчылардын саны 62ден 17ге түшкөн.

"Журналисттерди коргоо комитети" билдиргендей, 2022-жылы абактагы журналисттер күрөөгө бошотулуп, өкүмдү күтүп жатышат.

“2023-жылы түрмөгө түшкөн журналисттердин санынын кыскарышы Ирандын маалымат каражаттарына болгон репрессиясы азайганын билдирбейт”, - деп жазылат баяндамада.

Докладда камактагы 17 журналисттин сегизи аял экени белгиленет.

Иранда камалган журналист Насим Тавафзадех.

Борбор Азия: Тажикстан алдыда, Кыргызстандагы жапырт кармоо

Борбор Азияда Тажикстан журналисттерди түрмөгө камаган жагынан алдыда. Коңшу өлкөдө жети кабарчы жетиден 20 жылга чейин абакка кесилген. Алардын баарына 2022-жылдын соңунан баштап өкүм чыгарылган.

"Журналисттерди коргоо комитети" Азербайжанда сөз эркиндиги кийинки айда өтүүчү президенттик шайлоонун алдында кескин начарлап кеткенин белгилейт.

Маалымат каражаттарынын төрт өкүлү 1-декабрда кармалган. Андан кийин дагы үч журналист темир тор артына түшкөн. Алгачкы төртөө абройлуу Abzas Mediа басылмасынын кызматкерлери болчу. Бул басылма бийликтеги аткаминерлер арасындагы жемкорлуктун бетин ачкан журналисттик иликтөөлөрү менен белгилүү.

Кыргызстанда 16-январда жапырт камалган журналисттер бул баяндамага кошулган эмес. Бул боюнча “Журналисттерди коргоо комитети” өз алдынча билдирүү жасап, Кыргызстандын бийлигин көз карандысыз медианы куугунтуктоону токтотууга, камалган журналисттерди бошотууга жана медиа өкүлдөрүнө каршы ачылган кылмыш иштерин жабууга чакырды.

“Азаттык” менен “Клооптон” кийин Кыргызстандын бийлиги негизги көз карандысыз маалымат каражаттарына чабуулун жандантып, эми 24.kg жаңылыктар сайтына жана бир катар сыйлыктарга татыган коррупцияга каршы иликтөөлөрү менен белгилүү Темиров Live долбооруна киришти. Бийликтин күмөндүү негиздер менен алардын кеңселерин тинтип, буюм-тайымдарды конфискациялаганы тууралуу маалыматтар тынчсыздантат", - деди "Азаттыкка" уюмдун Европа жана Борбор Азия боюнча программасынын Нью-Йорктогу координатору Гүлноза Саид.

17-январда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун чечими менен эркин медиада иштеген ондон ашуун журналист, кызматкер, активист эки айга камалды. Сот алар 13-мартка чейин Бишкектин тергөө абагында (СИЗО-1) отурат деген чечим чыгарды.

“Айт, айт десе” жана “Темиров LIVE” долбоорлорунун, “Арча медианын” жана “ПолитКлиника” басылмасынын 11 кызматкерин милиция 16-январда кармап, адегенде 48 саатка камаган.

Ички иштер министрлиги алар Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин (массалык тартипсиздиктер) 3-бөлүмү (бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына активдүү баш ийбөөгө жана массалык тартипсиздиктерге чакыруу, ошондой эле жарандарды зомбулукка чакыруу) менен козголгон кылмыш ишинин негизинде кармалганын билдирген.

Журналисттердин баары коюлуп жаткан айыпка макул эмес.

15-январда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) кызматкерлери Бишкекте 24.kg агенттигинин кеңсесинде тинтүү жүргүзүп, жабдыктарын конфискациялап, директору Асел Оторбаеваны, башкы редакторлор Махинур Ниязова менен Антон Лымарды суракка алган. Иш Кылмыш-жаза кодексинин “Согушту пропагандалоо” беренеси боюнча тергелип жатканы маалым болгон, бирок атайын кызмат иш кайсы материал же маалымат боюнча ачылганы белгисиз.

Бир катар эл аралык жана жергиликтүү укук коргоо уюмдары, активисттер, юристтер Кыргызстандагы соңку окуяларга камтамасын билдирип жатышат.

Кыргыз бийлиги өлкөдө сөз эркиндиги бардыгын такай белгилейт. Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев парламентте журналисттердин кармалганы тууралуу маселе талкууланган маалда айрым жалпыга маалымдоо каражаттарына байланыштуу иштер "мыйзамдын чегинде эле жүргүзүлүп" жатканын, "ким күнөөлүү же күнөөсүз экенин сот аныктай турганын" белгиледи.

“Биринчи жоопкерчилик болуш керек. Кайсы бир сырттагы уюмдардан каржылангандар Кыргызстандын стабилдүүлүгүнө, өсүп жаткан экономикасына терс таасирин тийгизбей койбойт. Журналистикага жамынган, өздөрүн журналист деп эсептеген блогерлердин ээн ооздугунан өлкөдө ар кандай пикирлер бар. Бизде сөз эркиндиги бар. Ким эмне кааласа айта алат, дей алат”, - деди спикер.

Эки күндөн бери социалдык тармактарда бийликти жактаган активист, блогерлер "журналисттердин жоопкерчилиги" тууралуу постторду жазып жатышат. Президент Садыр Жапаров жаңы жылдык куттуктоо сөзүндө “билип-билбей эле ызы-чуу салган блогерлер пайда болду” деп сындап өткөн.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Борбор Азия: Бутага алынган журналисттер