Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:38

Татарстандын Жогорку Соту журналист Алсу Курмашеваны камакта калтырды


Алсу Курмашева Казандагы сотто.
Алсу Курмашева Казандагы сотто.

Татарстандын Жогорку Соту “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун татар-башкыр кызматынын журналисти Алсу Курмашеваны камакта калтырды. Бул тууралуу "Idel.Реалии" долбоору жазды. Маалыматка караганда Курмашеванын адвокаты буга чейинки инстанциянын чечимине каршы доо арыз менен Жогорку Сотко кайрылган. Сот адвокаттын өтүнүчүн канааттандырган жок. Ошол эле маалда Курмашеванын камактагы мөөнөтүн бир күнгө, эмдиги жылдын 4-февралына чейин кыскартты.

Журналист "чет өлкөлүк агенттердин тизмесине катталбаган" деген айып менен 18-октябрдан бери убактылуу кармоочу жайда отурат. Ноябрдын соңунда сот анын камактагы мөөнөтүн 5-февралга чейин узарткан.

Радионун татар-башкыр кызматында 25 жылдан ашуун эмгектенип келген, Прагада жашаган Алсу Курмашева быйыл майда Орусияга жеке маселелерине байланыштуу барган. 2-июнда аны Чехияга кайтарда аэропортто кармап, эки паспортун тең тартып алышкан. Ал Орусиянын жана АКШнын жараны. Буга чейин сот Курмашевага "Американын жарандыгын алганы жөнүндө бийликке эскерткен эмес" деген кине менен он миң рубль айып пул салган.

Курмашева өзүнө тагылган айыпты четке кагууда. "Эркин Европа/Азаттык" радиосу анын кармалышын кескин айыптады.

Бир катар эл аралык уюмдар аны дароо бошотууну талап кылды. Мындай чакырыктарды БУУнун Адам укуктары боюнча башкы башкармалыгы, Журналисттерди коргоо комитети, АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасынан тышкы иштер боюнча комитети да жасашты.

Алсу Курмашева көп жылдан бери Орусиянын Волга-Урал аймагындагы аз улуттардын маселелерин чагылдырып, татар тилин сактап калуу боюнча программаларды даярдап келген.

XS
SM
MD
LG