Экс-депутат Жоробаев акыйкатчынын орун басары болуп шайланды

Жаныбек Жоробаев.

18-январда Жогорку Кеңеш Жаныбек Жоробаевди акыйкатчынын орун басары кылып шайлады. Анын талапкерлигин омбудсмен Жамиля Жаманбаева сунуштаган.

Жаныбек Жоробаев 2023-жылдын 31-декабрда оорудан улам каза болгон Шухрат Айтиевдин кызмат ордуна келди. Көзү өткөнүнө байланыштуу анын ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулду.

46 жаштагы Жаныбек Жоробаев 2020-жылы Жогорку Кеңештин VI чакырылышында “Кыргызстан” фракциясынан төрт ай депутат болгон. 2021-жылы апрелде Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасынын орун басары болуп дайындалып, ошол эле жылдын ноябрында жумуштан алынган.

2022-жылы июнь айында Министрлер кабинети Жоробаев алкоголдук тармактан түшкөн салыкка байланыштуу кызматтан кеткенин билдирген. (BTo)

Дагы караңыз

“Коён” деген каймана атка конгон Низамов кайра кармалдыБалбак Түлөбаев президентти медиа коомчулук менен диалогго келүүгө үндөдүБишкек ЖЭБине директор болуп Алпбек Садыров дайындалды Аба ырайы: бийик тоолуу аймактарда кар көчкү коркунучу сакталууда “Ихсан” кооперативи жабырлануучуларга 700 млн сом чыгым келтиргени аныкталдыАктивист Өндүрүш Токтонасыровдун сот иши убактылуу токтодуСалык кызматы декларацияларды кабыл алуу башталганын билдирди