Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:24

Бишкек ЖЭБине директор болуп Алпбек Садыров дайындалды


Алпбек Садыров
Алпбек Садыров

Бишкек шаардык жылуулук электр борборуна (ЖЭБ) Алпбек Садыров директор болуп дайындалды. Мындай чечимди "Электр станциялары" акционердик коомунун башкы дирекциясы кабыл алганын мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.

Алпбек Садыров буга чейин "CASA-1000" долбоорунун алкагында техникалык консультант, "Улуттук электр тармактары" ишканасында бөлүм башчы болуп иштеп жүргөн.

Бишкек ЖЭБи - өлкөдөгү эң ири кубаттуулуктагы жылуулук электр станциясы. Кыргызстандын электр энергиясынын 15% Бишкек ЖЭБинде иштелип чыгат.

Ишканада 2018-жылы январь айында авария болуп, борбор калаа бир жума бою жылуулуксуз калган. Териштирүүдөн кийин оңдоп-түзөө иштеринде коррупция бар экени аныкталып, кылмыш иштери козголгон.

Бул үчүн мурдагы премьер-министрлер Жантөрө Сатыбалдиев жана Сапар Исаков баштаган бир топ жетекчиге айып тагылып, түрдүү жаза мөөнөттөрү чегерилген. Мындан башка да айыптар тагылган Исаков 2020-жылдын октябрь айындагы башаламандык учурунда түрмөдөн чыккан, ага издөө жарыяланган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG