Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:30

Салык кызматы декларацияларды кабыл алуу башталганын билдирди


Ишкерлерди колдоо борбору. Архив
Ишкерлерди колдоо борбору. Архив

Салык кызматы 2023-жылдын жыйынтыгы боюнча бирдиктүү салык декларациясын кабыл ала баштаганын 18-январда билдирди.

Маалыматка караганда, декларацияны кабыл алуу эки этапта өтөт. Биринчисинде юридикалык жактар, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер, ата мекендик уюмдар, ошондой эле Кыргызстанда туруктуу мекемеси бар чет өлкөлүк уюмдар 1-апрелге чейин тапшырат.

Жеке ишкерлер, менчигинде салык салынуучу мүлкү жана жер тилкеси (короо-жай участкаларынан башка) бар жеке жактар, ошондой эле юридикалык жак болуп саналбаган дыйкан жана фермердик чарбалар 1-майга чейин декларация тапшырууга милдеттүү.

“1-майга чейин салык декларациясын жыл ичинде 300 миң сомдон ашык суммадагы мүлк сатып алган жактар, мамлекеттик үлүшү бар уюмдардын жана ишканалардын кызматкерлери, убактылуу жашап туруу укугу же кайрылман статусу бар, эл аралык уюмдагы ишинен киреше алган жарандар тапшырышат”, – деп айтылат Салык кызматынын маалыматында.

Декларацияда кирешелер жана чыгашалар, экономикалык иш, мүлк объектилери, жер тилкелери жана отчёттук жыл үчүн төлөнгөн салыктын суммасы көрсөтүлүшү керек.

Салык кызматы былтыр 2026-жылдан тартып бардык жарандар салык декларациясын тапшырууга милдеттүү болорун эскерткен. Ага чейин жалпы салыктык декларациялоо этап-этабы менен киргизилери айтылган. Анын биринчи этабы 2023-жылы башталган.

XS
SM
MD
LG