Аба ырайы: бийик тоолуу аймактарда кар көчкү коркунучу сакталууда

Бишкек-Ош жолу, Төө-Ашуу ашуусу.

Шашылыш билдирүү

18-январдагы жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош автоунаа жолундагы Төө-Ашуу ашуусунда, Чычкан капчыгайында, Ала-Бел ашуусунда, Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алайкуу автоунаа жолунун 55-115 чакырымдарында, Ала-Бука-Каныш-Кыя жолундагы Чапчыма ашуусунда жана Красная-Горька-Акташ автоунаа жолунун 0-2 чакырымдарында кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт.

Жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

19-январда түнкүсүн жаан-чачын жаабайт. Күндүз Чүй, Талас облустарынын айрым жерлеринде, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн. Жалал-Абад облусунун өрөөндөрүндө жана Ош, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.

Айрым жерлерде туман түшүп, жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -4…-9, күндүз 2…7

Талас өрөөнүндө түнкүсүн -7…-12, күндүз -1…+4

Баткен облусунда түнкүсүн -3…+2, күндүз 4…9

Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -2…+3, күндүз 6…11

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз -1…+4

Нарын облусунда түнкүсүн -13…-18, 0…-5

Бишкек шаарында түнкүсүн жана күндүз жаан-чачын күтүлбөйт, кечке жуук кар жаашы мүмкүн. Түнкүсүн жана эртең менен туман түшүшү ыктымал. Жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн -5…-7°, күндүз 5…7° суук болот.

Дагы караңыз

“Ихсан” кооперативи жабырлануучуларга 700 млн сом чыгым келтиргени аныкталдыАктивист Өндүрүш Токтонасыровдун сот иши убактылуу токтодуСалык кызматы декларацияларды кабыл алуу башталганын билдирдиЗеленская камалган журналисттерди колдогон сүрөтүн жарыялады