17-январда Бишкектин Биринчи Май райондук соту Temirov Live жана “Айт, айт десе” долбоорлорунун жетекчиси, Кыргызстандан чыгарылган иликтөөчү журналист Болот Темировдун жубайы Махабат Тажыбек кызын эки айга камады.
Мунун алдында сот “ПолитКлиника” басылмасынын журналисти Тыныстан Асыпбековду жана Temirov Live долбоорунун мурдагы кабарчысы Жоодар Бузумовду 13-мартка чейин камакка алууга чечим чыгарган. Журналисттер Бишкектеги тергөө абагына (СИЗО-1) камалды.
Биринчи Май райондук сотунда Ички иштер министрлиги (ИИМ) "Массалык башаламандык уюштурган" деген шек менен кармаган 11 журналисттин бөгөт чарасы каралып жатат.
16-январдын таңында ИИМ кызматкерлери “Айт, айт десе” жана “Темиров LIVE” долбоорлорунун, “Арча медианын” жана “ПолитКлиника” басылмасынын журналисттеринин үйлөрүндө жана кеңсесинде тинтүү жүргүзүп, 11 журналистти суракка алып кеткен. Милиция аларды 48 саатка камаган.
Асыпбеков 2022-жылы жайында “Temirov live” каналынан кетип, ошол жылдын сентябрынан тарта “ПолитКлиникада” иликтөөчү журналист болуп иштей баштаган.
Шектүү катары кармалгандар – “Темиров LIVE” редакциясынын кызматкерлери Максат Тажыбек уулу жана Акыл Орозбеков, кабарчысы Айке Бейшекеева, редакциянын мурдагы кабарчысы Жоодар Бузумов, “Темиров LIVE” редакциясынын, “Айт, айт десе” долбоорунун кызматкерлери Сапар Акунбеков жана Азамат Ишенбеков, аталган долбоорлордун директору, Кыргызстандан чыгарылган иликтөөчү журналист Болот Темировдун жубайы Махабат Тажыбек кызы, “Темиров LIVE” редакциясынын мурдагы журналисти, учурда “Арча Медиада” (мурдагы Next TV медиасы) иштеген Сайпидин Султаналиев жана Актилек Капаров, ошондой эле Жумабек Турдалиев аттуу кызматкер жана “ПолитКлиникада” иштеген Тыныстан Асыпбеков.
Темиров “Азаттыкка” курган маегинде акыркы окуяларды анын командасынын журналисттик ишмердигине байланыштырды. ЕККУ, Human Rights Watch, Хельсинки фонду, Чек арасыз кабарчылар уюму баштаган эл аралык уюмдар кыргыз бийлигин журналисттерди куугунтуктоону токтотууга үндөп жатат.