Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:44

Журналист Жоодар Бузумов эки айга камалды


Жоодар Бузумов. Архив
Жоодар Бузумов. Архив

Бишкектин Биринчи Май райондук соту “Темиров LIVE” каналынын мурдагы кабарчысы Жоодар Бузумовду 13-мартка чейин камакка алды. Анын адвокаты Такен Молдокулов “Азаттыкка” билдиргендей, сот тергөөчүнүн өтүнүчүн толук канааттандырды.

“Сот Бузумовдун кармалышын да мыйзамдуу деп тапты. Биз мындай чечим менен макул эмеспиз жана мыйзамсыз деп эсептейбиз. Биз шаардык сотко кайрылабыз. Бузумовдун буга эч кандай тиешеси жок”, - деди адвокат.

Бузумов сот залына кирип баратып бул иш анын журналисттик ишмердигине байланыштуу экенин айтууга үлгүрдү.

Биринчи Май райондук сотунда Ички иштер министрлиги (ИИМ) "Массалык башаламандык уюштурган" деген шек менен кармаган 11 журналисттин бөгөт чарасы каралып жатат.

16-январдын таңында ИИМ кызматкерлери “Айт, айт десе” жана “Темиров LIVE” долбоорлорунун, “Арча медианын” жана “ПолитКлиника” басылмасынын журналисттеринин үйлөрүндө жана кеңсесинде тинтүү жүргүзүп, 11 журналистти суракка алып кеткен. Милиция аларды 48 саатка камаган.

Шектүү катары кармалгандар – “Темиров LIVE” редакциясынын кызматкерлери Максат Тажыбек уулу жана Акыл Орозбеков, кабарчысы Айке Бейшекеева, редакциянын мурдагы кабарчысы Жоодар Бузумов, “Темиров LIVE” редакциясынын, “Айт, айт десе” долбоорунун кызматкерлери Сапар Акунбеков жана Азамат Ишенбеков, аталган долбоорлордун директору, Кыргызстандан чыгарылган иликтөөчү журналист Болот Темировдун жубайы Махабат Тажыбек кызы, “Темиров LIVE” редакциясынын мурдагы журналисти, учурда “Арча Медиада” (мурдагы Next TV медиасы) иштеген Сайпидин Султаналиев жана Актилек Капаров, ошондой эле Жумабек Турдалиев аттуу кызматкер жана “ПолитКлиникада” иштеген Тыныстан Асыпбеков.

Темиров “Азаттыкка” курган маегинде акыркы окуяларды анын командасынын журналисттик ишмердигине байланыштырды. ЕККУ, Human Rights Watch, Хельсинки фонду, Чек арасыз кабарчылар уюму баштаган эл аралык уюмдар кыргыз бийлигин журналисттерди куугунтуктоону токтотууга үндөп жатат.

XS
SM
MD
LG