Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:38

Башкырстанда митингге чыккандарга кылмыш иши козголду


Баймактагы митинг. 17-январь
Баймактагы митинг. 17-январь

Экоактивист Фаил Алсыновдун соту өткөн Баймак шаарында митингдин катышуучуларына массалык башаламандык боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу “Башинформ” басылмасы өлкөнүн Ички иштер министрлигинин коомдук кеңешинин жетекчиси Рафаил Диваевге шилтеме берип жазды.

Диваев басылмага берген комментарийинде «массалык башаламандыктар өлкөнүн улуттук коопсуздугуна коркунуч келтирет, ошондуктан бул берене боюнча жаза өтө оор» деп билдирген.

Орусиянын Кылмыш жана жаза кодексинин 212-беренесине ылайык, жапырт башаламандыкка катышкандар 15 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Буга чейин “Азаттыктын” татар кызматы Башкырстанда митингге чыккандарды полиция күч менен таркатууга аракет кылганда ортодо кагылышуу болгонун жазган. Маалыматка караганда, дарыгерлер жеринде көздөн жаш агызуучу газдан жабыркаган 20 адамга жана жаракат алган дагы эки адамга медициналык жардам көрсөткөн. Ар кандай маалыматтарда Баймактагы митингде ондон ашык адамды полиция кармап кеткени кабарланууда.

Бүгүн 17-январда Башкырстанда жергиликтүү экоактивист, Орусияда тыюу салынган "Башкыр" уюмунун мурдагы жетекчиси, Куштоо тоосун коргоп чыккандардын бири Фаил Алсынов жалпы тартиптеги колонияга төрт жылга кесилди.

Ага «жек көрүүчүлүктү же кастыкты козутуу» деген берене менен иш козголгон.

Прокурор активистти төрт жылга жатак абакка кесүүнү сунуш кылган.

Иш Баймак райондук сотунда жабык каралды. Соңку күндөрү ал жерде миңдеген адам чогулуп, Алсыновго колдоосун билдирип жатышты. Өкүм жарыяланып жаткан учурда да соттун алдында бир нече миң киши топтолуп, "Боштондук!" жана "Фаил, биз сени менен!" деп коштоп турушту.

Активист өзү мындай айыптоону четке кагууда.

Алсынов мурда "Башкыр" деген уюмдун жетекчиси болчу. Бул уюмду Орусиянын бийлиги 2020-жылы экстремисттик деп жарыялап, өлкө аймагында ишмердүүлүк жүргүзүүсүнө тыюу салган. (AiA)

XS
SM
MD
LG