Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:25

Москва соту тажик блогерин камоодон баш тарткан чечимди жокко чыгарды


Орусияда тажикстандык блогерди камакка алуудан баш тартуу жөнүндөгү чечим жокко чыгарылды. Бүгүн 17-январда Москва шаардык соту прокуратуранын апелляциялык арызын канааттандырып, Симонов райондук сотунун чечимин жокко чыгарды.

Райондук сот 9-январдагы чечими менен блогер Салмон Ражабзоданы камакка алуудан баш тартып, сот залынан бошоткон. Прокуратура каршылыгын билдирген.

Эми иш кайра башынан кароо үчүн кайрадан райсокто жөнөтүлдү.

Салмон Жумабой деген ат менен белгилүү блогер 7-январда кармалган. Ага Кылмыш-жаза кодексинин «Жек көрүүчүлүктү же кастыкты козутуу, адамдык кадыр-баркты кемсинтүү» деген беренеси менен иш козголгонун Орусиянын Тергөө комитети билдирген.

Блогерди Москвадан кармап кетишкен. Тергөөнүн маалыматына караганда, ал «орус улутундагы адамдар тобуна карата кастык маанайда славян жүздүү кыздардын адамдык кадыр-баркын кемсинткен» деп айыпталууда.

Социалдык түйүндөрдөгү маалыматтарга караганда, өткөн айда интернетке «жакында орус кыздардын баары биздики болот» деп айтып жаткан видео тараган.

Блогер өзү видеодогу үн аныкы эместигин, эч качан эч кимге жамандык каалабай турганын жана улут аралык кастыкка үндөбөгөнүн айтууда.

Эгер коюлуп жаткан айыпты сот негиздүү деп тапса, блогер алты жылга чейинки мөөнөткө түрмөгө кесилиши ыктымал. (RK)

XS
SM
MD
LG