Аба ырайы: жолдор тайгак болот

18-январда Кыргызстанда жаан-чачын жаабайт. Айрым жерлерде туман түшөт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -6…-11, күндүз -1…+4

Талас өрөөнүндө түнкүсүн -7…-12, күндүз -2…+3

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -3…+2, күндүз 6…11

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -3…-8, күндүз -3…+2

Нарын облусунда түнкүсүн -13…-18 -5…-10

Бишкек шаарында жаан-чачын жаабайт. Жолдор тайгак болот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн -8…-10°, күндүз 2…4° суук болот.

Дагы караңыз

Украинанын бир нече аймагы ракета жана дрон менен аткыландыКыргызстанда 55 мамлекеттик дарыкана ачылдыНогойбаеванын мурдагы күйөөсү аталык укуктан ажыратылдыМелис Аспеков ооруканадан кайра тергөө абагына которулдуКадамжайда бир жылда үй-бүлөлүк зомбулук боюнча 126 учур катталды Бишкекте тик учак кырсыгынан бир киши каза болуп, он адам жараат алды