Мелис Аспеков ооруканадан кайра тергөө абагына которулду

Мелис Аспеков сотто.

Кылмыш-жаза кодексинин эки беренесинин негизинде кармалган активист Мелис Аспеков ооруканадан кайра тергөө абагына которулду. Бул тууралуу Аспековдун уулу анын Фейсбуктагы баракчасына жазып, атасынын абалы оор экенине карабай, тергөө абагына которулганына нааразылыгын билдирди.

Аспеков эки жыл мурда оор операция болгонун белгилеген жакындары аны үй камагына бошотууну суранып жатышат.

Мелис Аспековдун тергөө абагына которулганы жөнүндөгү маалыматты Жаза аткаруу кызматы да ырастап, ал 12-январда которулганын билдирди.

Мекеме Аспеков "дарыгер-кардиологдун сунушу менен Бишкек шаарындагы "Бикард" медициналык клиникасында текшерүүдөн жана дарылоодон өтүп жатканын" 27-декабрда билдирген.

ИИМ Кылмыш-жаза кодексинин “Кылмышка даярдык көрүү” жана “Массалык башаламандыктар” деген беренелери менен айып таккан Аспеков сентябрдын аягында кармалган.

Мунун алдында социалдык түйүндөрдө ага байланыштуу делген аудио жазуу жарыяланган.

Бишкектеги Биринчи Май райондук сотту аны эки айга камоо чечимин чыгарып, кийин бул мөөнөт 27-январга чейин узартылган. (ZKo)

Дагы караңыз

Бишкекте Достук кичи районуна жакын жерде Ми-8 тик учагы кулады2023-жылы Кыргызстанда мыйзамсыз жүгүртүлгөн 6,6 тонна баңгизат алындыПрезиденттин Ош облусундагы өкүлүнүн орун басары алмашты Министр Кыргызстанда кызамыктан 9 бала чарчап калганын айттыОн бир журналисттин иши: сот отуруму жылды, эл аралык уюм кыргыз бийлигине кайрылды24.kg агенттигинин жетекчилери дагы суракка чакырылды